Eurasiatoday
Бейшемби, 26-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Борбор Азиянын «Талибан» башкарган азыркы Ооганстанга көз карашы кандай?

  • Аналитика, Борбор Азия, Эксперттин пикири
  • 10.10.2024 18:21

Loading

Борбор Азия өлкөлөрү менен Ооганстандын ортосунда мындан 30 жыл мурун башталган мамиледе бир кылка болгон эмес. Анткени СССР кулап, мунун арты менен Борбор Азия өлкөлөрү өздөрүнчө эгемен мамлекет болушкандан көп өтпөй башталган Ооганстандагы жарандык согушутан улам бул өлкөлөрдүн мамилеси токтоп калган.

Ал арада Тажикстан менен Өзбекстан Ооганстандын жаңжалдашкан тараптардын бирин кыйыр түрдө колдоп жаткан.

Талибандын бийликке келип, түндүк Ооганстанды каратып алуусу менен Борбор Азия өлкөлөрү бул көрүнүшкө туш болушту. Ал көрүнүш – Борбор Азияда түзүлгөн исламчыл топтор менен альянс түзгөн Талибан кыймылы эле.

Тема боюнча

Путин: Россия энергетикалык ресурстарын сатуу рынокторун кеңейтүүнү улантат

Путин: Россия энергетикалык ресурстарын сатуу рынокторун кеңейтүүнү улантат

25.11.2026

Жаңы кырдаал Борбор Азия өлкөлөрүн Ооганстан менен өз ара кызматташуусунун жаңы этабына алып келди.

Аймактагы беш өлкөнүн ичинен Түркмөнстан нейтралдуу бойдон калды. Ал эми Казакстан менен Кыргызстан байкоо саясатын жүргүзүшсө, Өзбекстан талиптерге каршы да, анан аларды колдоп да турушту. Бирок Тажикстан болсо толугу менен каршы чыгып туруп алды.

АКШнын Ооганстанга чабуулунан жана бул өлкөдө жаңы саясий система калыптангандан кийин Борбор Азия өлкөлөрү Американын талиптерге каршы согушун колдоп, базаларды жана башка америкалык жардамдарды берүүдөн тышкары, жаңы ооган өкмөтү менен саясий жана экономикалык алакаларды түзүшкөн.

АКШ күчтөрүнүн Ооганстанда жыйырма жылдан ашык убакыт жүргөнү Борбор Азия өлкөлөрү үчүн геосаясий белек болгонуна жана эки жакка тең (Ооганстан жана Борбор Азия өлкөлөрүнө) жардам бергенине карабай, тараптардын ортосундагы, өзгөчө экономикалык чөйрөдөгү мамилелер кырдаалдын жана шарттардын заманбап талаптарына жооп бере алган жок.

Бирок акыры Ооганстандан америкалык аскерлер чыгарылып, өлкөдө мамлекеттик мурунку система кыйрагандан кийин, талиптер өлкөнү көзөмөлгө алышты.

Алар бийликти кайрадан тартып алгандан кийин Борбор Азия аймагы менен байланышы боюнча терс божомолдор болгонуна карабай, Талибан өкмөтүнүн Тажикстандан башка өлкөлөр менен мамилеси жакшыра баштады, керек болсо учурда өнүгүп баратат.

Борбор Азия өлкөлөрү менен Талибан режиминин ортосундагы саясий жана экономикалык алака кандай таризде кеңейиши мүмкүн деген суроо туулат. Буга бир нече маселелерди анализ кылып көрүп гана жооп берсе болот.

Ооганстандын геосаясий изоляциясы

Акыркы эки жүз жылда Ооганстан дайыма дүйнөнүн негизги геосаясий борборлорунун бири катары каралып келген. 19-кылымда бул өлкө эки колониялык державанын, тактап айтканда, Улуу Британия менен падышалык Россиянын ортосундагы кагылышуу обьектиси болгон. 20-кылымдын экинчи жарымында бул өлкө эки супер державанын – Советтер Союзу менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосунда калды.

Советтер Союзунун кулашы менен Ооганстандын геосаясий абалы кескин төмөндөп кеткен, бирок 21-кылымдын башында өлкө кайрадан дүйнөдөгү эң маанилүү геосаясий аймакка айланды.

Бул жолу “Аль-Каида” террордук уюмунун пайда болушу менен өлкөнүн геосаясий абалы жогорулады. “Ал-Каида” Ооганстандын өзүнүн геосаясий күчтөрдүн элементи эмес, тышкы фактор болгон.

Ал кезде талибдер “ооган ичинде” согуш жарыялап, АКШ тарабынан издөө жарыяланган террордук топтор менен биригүүдөн баш тартышкан.

Алардын максаттары менен жасаган ишинин мүнөзүнүн мындай өзгөрүүсү, АКШ менен Кытайдын ортосундагы жаңы глобалдык атаандашуулар жана Орусия менен Батыштын ортосундагы тирешүүлөрдүн фонунда, Ооганстандын бул маселелерден алыс болгонуна байланыштуу маанилүүлүгүн жоготту.

Бул өлкөнү Жакынкы Чыгыштагы аймактык геосаясаттын негизги чордонунун бири катары кароого болбойт.

Келечекке көз чаптырсак, Ооганстанды глобалдык геосаясаттагы маанилүү аймак катары кароого болбойт, анткени АКШ Ооганстанга кайтып келүүнү каалабагандай эле Орусия да түштүк аймак тараптан деңизге чыгуу жолдорун көздөбөйт.

Ооганстан Индия менен Пакистан тирешкен атаандаштыкка катышуу эле эмес, ага туруштук да бере албайт, ошондуктан азыркы изоляциясы өздөрүнүн тышкы саясатына гана байланыштуу экенин эстен чыгарбаш керек.

Мурдагыга салыштырмалуу азыркы талибдердин мамилеси башкача

1990-жылдан кийин талиптер Ооганстандын түндүгүн басып алганда, чөлкөмдөгү өлкөлөр кооптонуп, тынчсыздана башташкан.

Анткени алар Борбор Азиядан чыккан исламчыл согушчан топторду колдоо жана “Аль-Каида” менен кызматташуу менен бул аймактын өлкөлөрүнө чоң коркунуч туудурган.

Чөлкөмдөгү мамлекеттердин баары талибдерге каршы чыгып, айрым учурларда көп тараптуу чараларды көрө башташты.

Түркмөнстан тышкы саясатын бейтарап жүргүзүп, талиптерге салкын мамиле кылуу аркылуу Ооганстан менен чек арасындагы коопсуздукту жөнгөрө алышты.

Ал эми Өзбекстан талибдерге чечкиндүү каршы туруп, салкын саясатын жүргүзгөн. Ошондой эле, Ооганстан менен чек араны жаап, согушчан топторду аймагына киргизген эмес.

Талиптерге каршы күчтөрдү жигердүү колдогон Тажикстан иш жүзүндө бул топтун айныгыс душманына айланган.

Казакстан менен Кыргызстан Ооганстандан географиялык алыс жайгашкандыктан, ооган маселесин көзөмөлдөө саясатын жүргүзүшкөн.

АКШдагы 2001-жылдын 11-сентябрдагы окуядан жана Пентагондун Ооганстанга жасаган чабуулунан кийин Борбор Азия өлкөлөрү АКШга база курууга, аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат беришкен.

АКШ менен катуу согушуп жүргөн жылдары Талибан Борбор Азиядагы согушчан топторду колдоону токтоткон.

Талибандын мамилеси өзгөргөн сайын Борбор Азия өлкөлөрү талиптерге болгон каршылыгын акырындап азайтып, Ооганстанга карата бейтараптыкка өтүштү.

АКШ менен согушуп, бирок Борбор Азия өлкөлөрү менен тынчтыкта жашоонун пайдубалын түптөгөн талибдер Америка аскерлерин чыгарып кеткенден кийин жана Ооганстанда көзөмөл калыбына келтирилгенден кийин Борбор Азия өлкөлөрү менен карым-катнаштын эшигин ачып, алар менен позитивдүү мамилелерди баштады.

Борбор Азиядагы Тажикстандан башка өлкөлөр талиптер менен саясий жана экономикалык алака түзө башташты.

Талибан өкмөтүнүн экономикага негизделген тышкы саясаты Борбор Азия өлкөлөрүн Ооганстан менен экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө ого бетер шыктандырды.

Талибдердин экономикалык кызматташтыкты арттырууга жана тынчтыкта саясий жанаша жашоого негизделген жаңы саясаты Борбор Азия өлкөлөрүнө талибдер менен саясий жана экономикалык кызматташууга үмүт берди.

Борбор Азия менен Ооганстандын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн Орусия менен Кытайдын ортосундагы координация 

Мындан тышкары, Орусия менен Кытайдын позитивдүү жана макулдашылган мамилеси Борбор Азия өлкөлөрүнүн саясий жана экономикалык чөйрөдө Талибан өкмөтү менен алака түзүүгө жардам бере баштады.

АКШ күчтөрү Ооганстанда жүргөн мезгилде Борбор Азия өлкөлөрү Ооганстанга этияттык менен жакындоо саясатын көрүшкөн.

Америка чыгып кеткенден кийин Орусия жана Кытай бийлиги талибдердин өкмөтү менен кызматташкан биринчи өлкөлөр болду.

Азыр Американын реакциясын алсыратуу үчүн бул эки өлкө талиптерге этияттык менен мамиле кылышууда.

Анткен менен Орусия менен Кытай Борбор Азия өлкөлөрү үчүн шарттарды даярдап, талиптер менен мамилени кеңейтүүгө чакырууда.

Бээжин менен Москва Ооганстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен жакын мамилеси – аймактагы тынчтыкты бекемдеп, Батыштын таасирин азайтат деп эсептешет.

Ооганстан Борбор Азияга сунуш кылган экономикалык мүмкүнчүлүктөр чөлкөмдөгү өлкөлөргө ыңгайлуу дешет.

Ооганстан Борбор Азия өлкөлөрү үчүн кызматташтыкты кеңейтүүгө жардам бере турган көптөгөн экономикалык артыкчылыктарга ээ.

Ооганстан керектөөчү өлкө катары Борбор Азиядан товарларды экспорттоо үчүн жакшы жер болуп саналат.

Буга байланыштуу айыл чарба жана өнөр жай өндүрүшү жогору болгон Өзбекстан менен Казакстан Ооганстанды суроо-талап жогору болгон керектөө рыногу катары карашат.

Акыркы үч жылда эки өлкө тең Ооганстанга экспортко көп көңүл бура башташты. Алардын жогорку даражалуу өкүлдөрү Ооганстанга байма-бай каттап, сооданы көбөйтүү үчүн көптөгөн келишимдерге кол коюшкан. Соңку жолу Өзбекстандын премьер-министринин Кабулга сапарында, талиптер менен бир нече экономикалык келишимдерге кол коюп, өзбек продукциясынын чоң көргөзмөсүн өткөрүштү.

Түркмөнстан Ооганстанды мунай жана газ экспорттоого ылайыктуу деп эсептейт. Бул жол түркмөн газын энергетикага өтө муктаж болгон Пакистан менен Индияга да жеткире алат.

Түркмөнстандын түштүккө газ кууру Талибан режими учурунда да талкууланган, азыр ТАПИ долбоорун ишке ашыруу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болуп саналат.

Буга байланыштуу түркмөн бийликтери талиптер менен байма-бай жолугуп, долбоорду кайра баштоону талкуулашкан. Акыркы жолугушууда Гурбангулы Бердымухамедов менен Мохаммад Хасан Ахунд долбоордун ачылыш аземине катышып, анын башталганын жарыялашканы белгилүү.

Анын үстүнө Ооганстан – Борбор Азиядан Ооганстанга жана Түштүк Азияга энергия экспорттоо үчүн эң жакшы вариант.

Буга байланыштуу бир нече бүтпөй калган долбоорлордун тизмеси пайда болгон, анын ичинде мисалы, ишке ашырылышына Борбордук Азия өлкөлөрү чоң үмүт артып жатышкан CASA-1000 долбоору дагы бар.

Борбор Азия өлкөлөрү Ооганстандын түштүккө транзиттик каттамдарды түзүүдө маанисине көңүл буруп, аны экономикалык максаттарын ишке ашыруу үчүн ылайыктуу мүмкүнчүлүк деп эсептешет.

Акыркы үч жылда бул маселе Борбор Азия өлкөлөрүнүн эң башкы приоритеттеринин бири болуп калды жана алардын талибдердин өкмөтү менен өз ара кызматташуусу маанилүү программалардын бирине айланды.

Бул багытта бир нече долбоорлор бар, бирок эң негизгиси, Борбор Азиянын көпчүлүк өлкөлөрүн кызыктырган – Өзбекстанды Ооганстан аркылуу Пакистан менен байланыштырган Трансафган темир жолу долбоору болууда.

Казакстан буга жакында эле өз кызыкчылыгын билдирген бул долбоор Борбор Азия менен Түштүк Азиянын аймактар аралык байланышын түзө турган ири долбоор болуп саналат.

Талибан режимине каршы чыккан Борбор Азиядагы жалгыз өлкө – бул, Тажикстан. Бирок азыр акырындык менен Ооганстан сунуш кылган экономикалык пайдадан колдонуп калуу үчүн талиптер менен иштешүү керек деген жыйынтыкка келе баштады.

Ошондуктан буга чейин Дүйшөмбү Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчысын Кабулга талиптер менен сүйлөшүү жана алака түзүү үчүн бир нече жолу жиберген.

Корутунду

30 жыл мурун Борбор Азия өлкөлөрү эгемендүүлүккө жетишкенде Ооганстан жакшы коңшу боло албай, экономикалык өнүгүүгө салым кошуунун ордуна туруксуздуктун жана коркунучтардын булагына айланган болчу.

Америка күчтөрү Ооганстанга жайгашып, анын арты менен Борбор Азия өлкөлөрү анын жардамы менен ийгиликке жетишет деген чакта, реалдуулук башкача болгон. Ал кезде Орусия менен Кытай бул өлкөлөрдүн АКШ колдогон өкмөт менен кызматташуусун каалашкан эмес.

Ооганстан согушу – Борбор Азия өлкөлөрүнө бул жактагы экономикалык ресурстарды колдонууга тоскоол жараткан.

Дүйнөлүк державалардын жаңы мамилелеринин жана кагылыштарынын калыптанышы жана Американын Ооганстандан чыгышы менен бул өлкө кайрадан геосаясий окуяларда маргиналдуу өлкөгө айланды.

Талибан Ооганстанды кайрадан көзөмөлгө алгандан кийин, күтүлгөн кооптонууларды жаратпай, тышкы саясатта коңшулары менен тынчтыкта жашоого аракет кылып, позитивдүү экономикалык кызматташууну көздөдү.

Ооганстандагы кырдаал Орусия менен Кытайдын бул өлкө менен тыгыз кызматташууга болгон көз карашына оң таасирин тийгизди.

Бул жагдай Борбор Азия өлкөлөрүнүн Ооганстандагы экономикалык максаттарын ишке ашыруу үчүн зарыл тарыхый мүмкүнчүлүктөрдү түздү.

Ошондуктан акыркы үч жылда төрт мамлекет – Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан жана Кыргызстан – Талибан өкмөтү менен ынак мамиле түзүп, мүмкүнчүлүктөн пайдалануу үчүн кызматташууга киришти.

Тажикстан да жакында эле талибдердин башкаруусунда Ооганстандын саясий жана экономикалык артыкчылыктарынан пайдаланып калууну түшүндү жана талиптер менен байланыш түзүүгө даярданып жатканы кабарланууда.

Жыйынтыгында, бир нече факторлор оптимисттик маанайды жаратканы менен, баары Талибан өкмөтүнүн келечектеги аракеттерине көз каранды экенин түшүнүп турушат.

Талибдер башынан эле тышкы саясатка этияттык менен мамиле кылышты жана мындай саясатты улантса, алар мындан да чоң жана кирешелүү экономикалык максаттарга жете алышаары белгилүү болуп баратат.

Ооганстандын келечегине коркунуч туудурган жалгыз нерсе – талибдердин ички саясаты.

Ооганстан Борбор Азия өлкөлөрү үчүн чоң экономикалык жагымдуу аймак. Бирок талибдер инклюзивдүү өкмөт түзмөйүнчө жана жарандардын, өзгөчө аялдардын укуктарын сыйламайынча, узак мөөнөттүү туруктуулукка жана жалпы экономикалык пайда көрүүгө үмүт кыла албайбыз.

Автор: Мира Ахмад Машал; Ооганстандык эксперт

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Борбор АзияКытайОоганстанРоссияТалибан
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Башкыртстанда кылмыштуу курьердик кызматтын сегиз мүчөсү кармалды

Башкыртстанда кылмыштуу курьердик кызматтын сегиз мүчөсү кармалды

25.11.2026
Путин: Россия энергетикалык ресурстарын сатуу рынокторун кеңейтүүнү улантат

Путин: Россия энергетикалык ресурстарын сатуу рынокторун кеңейтүүнү улантат

25.11.2026
Кытай Өзбекстандын атом энергетикасын өнүктүрүүгө кошулууда: Ташкент кандай технологияларга ээ болот?

Кытай Өзбекстандын атом энергетикасын өнүктүрүүгө кошулууда: Ташкент кандай технологияларга ээ болот?

24.11.2026
АКШ Азияга аскерлерин жөнөтүүгө даяр эмес

АКШ Азияга аскерлерин жөнөтүүгө даяр эмес

24.11.2026
Т. Мамытов: “Иран  – Россиянын Жакынкы Чыгыштагы стратегиялык өнөктөшү, Кытай үчүн соода байланыштарынын маанилүү бөлүгү”

Т. Мамытов: “Иран  – Россиянын Жакынкы Чыгыштагы стратегиялык өнөктөшү, Кытай үчүн соода байланыштарынын маанилүү бөлүгү”

24.11.2026
Казакстан менен Өзбекстандын чек арасындагы тыгындар: тараптар кандай себептерди аташууда?

Казакстан менен Өзбекстандын чек арасындагы тыгындар: тараптар кандай себептерди аташууда?

23.11.2026
«Чоң үчтүктүн» саммитиндеги Иран маселеси: кызыкчылыктар жана пикир келишпестиктер

«Чоң үчтүктүн» саммитиндеги Иран маселеси: кызыкчылыктар жана пикир келишпестиктер

23.11.2026
Тактикалык тыныгуу: АТЭС саммитинен кийин АКШ, Кытай жана Россиянын жакындашуусун күтүүгө болобу?

Тактикалык тыныгуу: АТЭС саммитинен кийин АКШ, Кытай жана Россиянын жакындашуусун күтүүгө болобу?

21.11.2026
Кытайда Орусия, АКШ жана КЭР лидерлеринин үч тараптуу жолугушуусу өтүүдө

Кытайда Орусия, АКШ жана КЭР лидерлеринин үч тараптуу жолугушуусу өтүүдө

19.11.2026

Биздин Facebook


Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
219 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.

No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.