Өзбекстандын демилгеси менен Ташкентте Борбор Азия өлкөлөрүнүн Ооганстан боюнча атайын өкүлдөрүнүн биринчи жолугушуусу болуп өттү. Жыйынга Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын делегациялары катышты.
Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
“Жыйындын катышуучулары Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын алтынчы Консультативдик жолугушуусунун жана 2025-2027-жылдарга Аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жол картасынын (2024-жылдын 9-августу, Астана) жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүүнүн жоболоруна таянып, Ооганстандын регионалдык маселелери боюнча атайын платформасын жана көз карандысыз платформасынын кезектеги өкүлчүлүгүн түзүүнүн актуалдуулугун белгилешти”, – деп айтылат бирдирүүдө.
Катышуучулардын айтымында, Борбордук Азия менен Ооганстандын геостратегиялык абалын, тарыхый жактан байланышкан маданий жана экономикалык мейкиндикти, ошондой эле Евразия мейкиндигинде туруктуулукту, коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоодогу жалпы кызыкчылыкты эске алуу менен афган маселесине көз карандысыз мамилени иштеп чыгуу маанилүү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консенсустун негизинде Ооганстандагы кырдаалга бирдиктүү, тең салмактуу жана реалдуу мамилени иштеп чыгууга умтула тургандыгын ырасташты.
Алар Борбор Азия менен Ооганстандын ортосундагы соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү зарылдыгына токтолушкан.
“Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү регион мамлекеттеринин кызыкчылыктарын жана улуттук артыкчылыктарын эске алуу менен Ооганстандын азыркы де-факто бийликтери менен өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашып, аймактык коопсуздук, анын ичинде чек арадагы кылмыштуулукка, экстремизмге жана терроризмге, ошондой эле баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жаатындагы координацияны кеңейтүүгө кызыкдар”,- деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, тараптар Байланыш тобунун мындан аркы ишмердүүлүгү Борбор Азия мамлекеттеринин Ооганстан боюнча аймактык күн тартибин калыптандырууда көз карандысыз жана жоопкерчиликтүү ролун бекемдөөгө жана бүтүндөй макрорегиондун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга көмөктөшөөрүн баса белгилешти.



















