Агенттиктин маалыматы боюнча, Украинанын айрым союздаштары каржылык кыйынчылыктарды баштан кечирүүдө, башкалары Киевге каржылык жардамды көбөйтүүдөн баш тартышууда.
2025-жылы Батыштын Украинага курал-жарак жеткирүүсү Киевдин өнөктөштөрүндө акчанын жетишсиздигинен улам коркунуч жаратууда. Бул тууралуу Bloomberg өз булактарына таянып билдирди.
Алардын айтымында, айрым союздаштары каржылык кыйынчылыкка дуушар болушса, башкалары Киевге каржылык жардамды көбөйтүүдөн баш тартышууда. Батыштын бул милдеттенмелеринин көбү Орусия Федерациясынын тоңдурулган активдеринен түшкөн кирешени пайдалануу менен Украинага 50 миллиард доллар өлчөмүндө кредит берүүгө байланыштуу.
Киевдин өнөктөштөрү “бул келишимдин акыркы деталдарын дагы эле талашып-тартышып жатат” жана АКШ Венгриянын бул жаатта Евробиримдиктин аракеттерине бөгөт коюусуна жол бербөөгө аракет кылууда. Эгерде макулдашууга жетишилбесе, акыркы сумма жетишсиз болушу мүмкүн, деп белгилейт басылма.
Бирок мындай келишимге жетишилген күндө да, 50 миллиард доллар “Украинанын дагы бир жылдагы муктаждыктарын канааттандырууга жетишсиз”, – деп баса белгилешет кырдаалдан кабардар адамдар.
Чоң жетиликтин лидерлери 13-июнда Италияда өткөн саммитте 2024-жылдын аягына чейин тоңдурулган орус активдеринен түшкөн пайдадан Украинага 50 миллиард доллар бөлүү боюнча макулдашууга жетишкен. Текстте батыш каржы институттарынын юрисдикциясындагы эгемендүү орус активдери Орусия атайын операцияны аяктамайынча жана «зыянды төлөп бермейинче» тоңдурулары айтылат. 14-июнда Вашингтон администрациясынын өкүлү брифингде Украина “Чоң жетилик” өлкөлөрүнөн 50 миллиард доллар өлчөмүндөгү насыяны грант катары алып, кайтарып берүүнүн зарылдыгы жок экенин айтты.


















