Кыргызстанда 15-мартты «Аталар күнү» деп жарыялоо сунушталууда. Буга байланыштуу бүгүн алгачкы иш-чара болуп өттү. Ага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары жана башка бир катар коомдук, саясий инсандар, долбоорду колдоп келген жарандар катышты.
Ошону менен катар бүгүн Нооруз майрамын утурлай “Ынтымак сүмөлөгү” да уюштурулду. Ага каалоочулардын баары чакырылган.












Discussion about this post