Бүгүн, 10-июлда Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин чек ара кызматтарынын жетекчилеринин 11-жыйыны башталды.
Иш-чарага ШКУга мүчө өлкөлөр – Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан жана ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмү менен КМШнын өнөктөш уюмдарынын өкүлдөрү катышууда.
Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.
Маалыматка ылайык, алгач делегацияларды КР УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара кызматынын директору, генерал-майор Абдикарим Алимбаев тосуп алды. Жыйынды Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев ачты.
Күн тартибинде ШКУга мүчө мамлекеттердин мамлекеттик чек араларындагы учурдагы кырдаал, «Тилектештик – 2024» биргелешкен чек ара операциясынын жыйынтыктары жана чек ара кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү маселелери талкууланды.
Өз сөзүндө Ташиев ШКУнун Евразия мейкиндигиндеги туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоодогу ордун баса белгилеп, уюмдун натыйжалуу аракеттерин жогору баалады. Ошондой эле ал ШКУнун мүчө өлкөлөрүнүн чек ара органдары өз ара аракеттенүүнү күчөтүп, бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгууга аракет кылып жатканын белгиледи.
“Кыргызстан – Евразиянын так борборунда жайгашып, тышкы чек аралары жок ШКУдагы жалгыз мүчө мамлекет. Бул бизге бардык катышуучулар, анын ичинде биздин байкоочулар үчүн бириктирүүчү жана бейтарап аянтча болууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. Биз диалогду тереңдетүү жана «Шанхай рухунда» кызматташтыкты бекемдөө үчүн бардык шарттарды камсыз кылууга даярбыз”, – деди Ташиев.
Жыйындын соңунда мүчө мамлекеттердин чек ара коопсуздугун бекемдөө боюнча биргелешкен аракеттери дагы да күчөтүлөрү күтүлүүдө.



















