Бишкекте Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Бишкек гарнизонунун аскерлери, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана мектеп окуучуларынын катышуусу менен митинг болуп өттү.
Коргоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Кыргызстанда аккредитацияланган аскердик-дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, ошондой эле борбор калаанын тургундары катышты.
Митингдин алдында коргоо министри Бактыбек Бекболотов баштаган Коргоо министрлигинин жетекчилери “аскердик каармандык” монументине гүлчамбар койду.
Иш-чаранын соңунда Коргоо министрлигинин кызматында ийгилик жараткан аскер кызматчылары сыйланды.
Мекенди коргоочулар күнүнө арналган митинг Бишкек гарнизонунун аскерлеринин салтанаттуу саптык жүрүшү жана КР Куралдуу Күчтөрүнүн армиясынын борбордук үйүнүн чыгармачыл тобунун майрамдык концерти менен аяктады.

























Discussion about this post