Eurasiatoday
Жума, 27-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Бишкекте “Комуз – кыргыздын музыкалык маданиятынын негизи” аттуу иш чара өттү

  • Маданият
  • 09.09.2024 17:14

Loading

Бүгүн,  9-сентябрда  “Комуз күнүнө” карата Евразия эл аралык университетинде “Комуз – кыргыздын музыкалык маданиятынын негизи” аталышындагы кереге кеңеш болуп өттү.

Иш чараны  КРнын Улуттук илимдер академиясынын  салттуу маданият жана искуство – изилдөө борбору уюштурду.

Кереге кеңештин нагизги максаты – кыргыздардын жана Кыргызстанда жашаган бардык этностордун салттуу мызыкасын даңазалоо, жайылтуу, сактоо жана этностор аралык достукту бекемдөө болуп саналат. Ошону менен катар руханий маданиятты, улуттук баалуулуктарды өркүндөтүү.

Тема боюнча

Таланттан аракетке: “Социалдык лифттер” Кыргызстандагы жаштардын өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө кандай таасир берет?

В. Боков: Кыргызстан «Россия – мүмкүнчүлүктөр өлкөсү» долбоорлорунун катышуучуларынын саны боюнча чет өлкөлөр арасында экинчи орунда турат

20.11.2026

1 of 10
- +

1.

2.

3.

4.

5.

6.

7.

8.

9.

10.

Кеңешмеге түрколог, филология илимдеринин доктору, профессор Кадыралы Конкобаев, Кыргыз Республикасынын эл артисти Роза Аманова, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясынын окутуучусу, комузчу Намазбек Уралиев, Евразия эл аралык университенин ректору Уланбек Тотуяев жана башкалар катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө профессор К. Конкобаев “Кыргыз элинин руханий маданиятынын ажырагыс бөлүгү катары салттуу музыканы, кыргыз тарыхын комузсуз элестетүү мүмкүн эмес.

Комуз кыргыз элинин салттуу маданиятында өзгөчө орунду ээлейт. Комуздун күүлөрү өзүнө философиялык ойлорду, жашоо-турмушту жана маданияттын өзгөчөлүгүн камтып, муундан муунга өтүп, биздин күндөргө чейин жетти.

Азыркы шарттарда комуздун жаңы маанисин ачуу керек, ал кыргызстандыктардын көп түрдүү маданиятындагы биримдиктин символу болууга тийиш. Кыргызстан элинин маданий интеграциясы коомдогу тынчтыктын, ынтымактын жана өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизи болуп калат” – деди.

Профессор мындан тышкары  Кыргызстандын этностук коомчулуктарынын маданияттар аралык диалогун кеңейтүү үчүн салттуу музыканын ролун күчөтүү зарыл экендигин баса белгиледи.

Ал эми “Кыргыздын салттуу музыкасынын” негиздөөчүсү Роза Аманова:  – 2019-жылы 25-апрелде ушул күнду белгилегенде, заманыбыздын залкарлары, атын алтын тамга менен калтырып кеткен улуу устаттарыбыз Эстебес Турсуналиев, Ашыралы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Нурак Абдрахманов жана башка устаттарыбыздын колдооосу менен “Кыргыздын салттуу музыкасынын фонду” түзүлүп, комуз күнүнүн негизделишине олуттуу салым кошкон адам катары КРнын эмгек сиңирген артисти, акын Азамат Болгонбаев болгон. Ошентип, “Комуз күнү” – 2019-жылдын 24-июлунда расмий түрдө кабыл алынып, “9-сентябрь Комуз күнү деп белгиленди,- деди.

Комуз күнү жана комуздун кыскача тарыхы

Комуз, чeртмек ― кыргыз элинин кылдуу чертме музыкалык аспабы.

Түрк элдеринде улуттук тартма кылдуу, чертме жана какма аспаптарынын кобус (хобус), комыс, кобуз (хомуз), кумуз деп аталышы комуздун эң байыркы музыкалык аспап экенин далилдейт.

Комуз экме жана жапайы жыгачтардан өрүк, алмурут, карагай, арча жыгачтарынан жасалат.

1930-жылдары эл аспаптар оркестри үчүн комуздун өркүндөтүлгөн беш түрү комуз-пикколо, комуз-прима, комуз-альт, комуз-тенор, комуз-бас жасалган.

Кыргыз элинин тарыхында комуздун ролу эбейгейсиз чоң. Белгилүү манасчы Сагымбай Орозбаковдун айтымында: “Карагай капкак жаптырган, Комузчудан жүздү алдырган”, деген жери бар.

Комуз- кыргыз элинин тарыхын камтыйт. Нарк-насил, каада-салты менен чогуу келе жатат.

Комуздун тарыхына кайрыла турган болсок, комуз – музыкалык көптөгөн аспаптардын ичинен XI кылымга таандык болгон Махмуд Кашгаринин “Түрк тилдеринин сөздүгүндө” кездешет. Тарыхый музыка изилдөөчүлөр комузга кайрылып, анын кайсы кылымга таандык экенин изилдөөгө эмгектерин арнап келишкен жерлери бар.

1 of 6
- +

1.

2.

3.

4.

5.

6.

Орус окумуштуусу С. Дмитриев: “Түрктөрдүн руникалык жазууларынан  VIII кылымдын башында пайда болгон кобуз кийин эң кеңири тарап, кала берсе азыркы улуттук маданияттын арасында Украинанын кобзосына салыштырсак, жалпы эле түрктөрдүн улуттук музыкалык аспабы катары кеңири белгилүү болгон”? – деп жазган.

2016-жылы Бишкек шаарынын күнүнө карата Борбордук универмагдын (ЦУМ) жанындагы чоң саат улуттук колоритте жаңырган.

2000-жылдагы чыгарылган 1 сом Банкноттун арткы бетинин жогорку тарабында “КЫРГЫЗ БАНКЫ” деген текст жана “1” деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда Бишкек шаарындагы Кыргыз Мамлекеттик филармониясынын чегинде кыргыз улуттук аспаптарынын: комуз жана кыл кыяктын сүрөттөлүштөрү берилген.

Даярдаган Турдайым Кожомбердиева.

Президент Садыр Жапаровдун Комуз күнү менен куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу мекендештер!

Сиздерди улуттук дөөлөтүбүздүн өзөгүнө айланган Комуз күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Комуз – баа жеткис көркөм дөөлөтүбүз катары урпактан урпакка өтүп, кыргыз элинин музыка өнөрүн сактап, бүгүнкү күндө кыргызстандыктардын сыймыгы болуп калды.

Элибиздин жашоо-турмушунун философиясын чагылдырган, улуттук демин даңазалаган дил кайрыгыбыз – комузубуздун дүйнөлүк маданиятта өзүнүн бийик орду бар.

Комуз жөн гана музыкалык аспап эмес, кыргыз элинин тарыхынын, көөнө маданиятынын жана урагыс биримдигинин белгиси!

Ата-бабаларыбыздын кайгы-кубанычынын тең ортоктошу, шаан-шөкөт салтанаттарында жан шериги болуп келген бул ыйык мурасыбыз азыр да жамы журтубузда чоң сүймөнчүк менен чертилүүдө. Доорлордун добушун жеткирип, көкүрөк-көөдөндү аралап өткөн комуз үнү кайсы заман болбосун, жарпыбызды жазып, жан дүйнөбүздү азыктандырып келет.

Кыргыз музыка өнөрүнө баа жеткис салым кошкон Ниязалы, Токтогул, Айдараалы, Карамолдо, Ыбырай, Атай, Шекербек жана башка көптөгөн залкар комузчулардын ысымдарын сыймыктануу менен эскеребиз. Алардын бизге калтырган керемет чыгармалары үчүн ар дайым таазим кылабыз.

Азыркы тапта комуз күүсү заманбап композициялар менен төп келише жаңырып, таланты ташкындаган жаштарды жаратмандыкка шыктандырууда.

Урматтуу мекендештер!

Келиңиздер, кыргыз элинин бой тумарына айланган комузубузду жана комузга байланыштуу кылымдар бою жашап келген салттуу өнөрүбүздү колдоп-коштоп өнүктүрөлү. Келечек муундун комузга болгон шык-жөндөмүн, урмат-сыйын, атуулдук сезимдерин ойготолу.

Комуз майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм!

Комуз үнү кылымдарга жаңыра берсин!»

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: комузКомуз күнүМаданият
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Баяс Турал: «Шахнаме — улуу поэзия гана эмес, улуу тарых дагы» 

Баяс Турал: «Шахнаме — улуу поэзия гана эмес, улуу тарых дагы» 

26.11.2026
Таланттан аракетке: “Социалдык лифттер” Кыргызстандагы жаштардын өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө кандай таасир берет?

В. Боков: Кыргызстан «Россия – мүмкүнчүлүктөр өлкөсү» долбоорлорунун катышуучуларынын саны боюнча чет өлкөлөр арасында экинчи орунда турат

20.11.2026
Маданий революция  же унутулуп бараткан кыргыз кийимдери кайра жанданууда

Маданий революция  же унутулуп бараткан кыргыз кийимдери кайра жанданууда

19.10.2026
Кырчын этношаарчасы – чек арасыз маданият: Дүйнө элдеринин байыркы мурастары

Кырчын этношаарчасы – чек арасыз маданият: Дүйнө элдеринин байыркы мурастары

05.09.2026
Он жылдык мораторий Кыргызстандын тарыхый имараттарын жоголуп кетүүдөн сактай алабы?

Он жылдык мораторий Кыргызстандын тарыхый имараттарын жоголуп кетүүдөн сактай алабы?

03.08.2026
Иран Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өзгөчө даярдык көрүүдө

Иран Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өзгөчө даярдык көрүүдө

23.06.2026
Р. Аманова Венгриянын мамлекеттик  ордени менен сыйланды

Р. Аманова Венгриянын мамлекеттик ордени менен сыйланды

21.04.2026
29-апрелде Бишкек шаарынын күнү белгиленет

29-апрелде Бишкек шаарынын күнү белгиленет

21.04.2026
Мен билген Мелибаев

Мен билген Мелибаев

24.03.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
222 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.