Бишкекте «Борбордук Евразия» аттуу маалыматтык-аналитикалык жана эксперттик демилгенин алкагында тегерек стол өтүп, анда Иран Ислам Республикасындагы окуялар жана бийликти күч менен алмаштыруунун заманбап технологиялары талдоого алынды. Иш-чаранын демилгечилери жана уюштуруучулары болуп «Fars News» эл аралык маалымат агенттиги жана «Eurasia Today» cаналат.
Эксперттик талкуу негизги суроонун айланасында түзүлдү: 2026-жылдын январындагы Ирандагы окуялар ички социалдык кризистин жыйынтыгыбы же болбосо жаңы муундагы гибриддик согуштун алдын ала иштелип чыккан сценарийин көрүп жатабызбы?
Талкуу учурунда баалардын өсүшү, инфляция жана жашоо деңгээлинин төмөндөшү базарларда жана соода кварталдарында башталган тынч нааразылык акцияларына объективдүү себеп болгону белгиленди. Бирок андан кийинки абалдын курчушу — зомбулукка өтүү, мамлекеттик мекемелерге, инфраструктура объектилерине, медициналык жана билим берүү мекемелерине кол салуулар — нааразылык күн тартибин деструктивдүү күчтөр басып алганын көрсөтөт.
Кыргызстандагы Ирандын Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу Махди Баззазан Ирандагы окуялар күтүүсүз же уникалдуу көрүнүш эмес экенин белгиледи. Анын айтымында, бул өлкө жетекчилиги буга чейин эле эскертип келген сценарийлердин өнүгүшү болуп саналат. Социалдык-экономикалык кыйынчылыктар — инфляция, баалардын өсүшү жана жашоо деңгээлинин төмөндөшү — чындап эле тынч коомдук нааразылыктын себеби болуп, алгачкы акциялар Тегерандын базарларында башталган.
Баштапкы этапта бийлик нааразылык билдиргендер менен диалог жүргүзүп, алардын тынч демонстрация өткөрүү укугун тааныган. Баззазандын пикиринде, бул Иранда демократиялык механизмдердин жана өнүккөн жарандык коомдун бар экенин далилдейт. Бирок январдын башында кырдаал өзгөрүп, нааразылыкка тышкы күчтөр активдүү кийлигише баштаган. Чет өлкөлөрдөн зомбулукка, мамлекеттик жана коомдук институттарга кол салууга чакырыктар айтылган.
Эксперт баса белгилегендей, дал ушул учурдан тартып нааразылык радикалдашкан: куралдуу кол салуулар, өрттөөлөр, инфраструктуранын талкаланышы, карапайым жарандардын жана укук коргоо кызматкерлеринин курман болушу башталган. Ошол эле учурда фейк кабарлар жана манипуляциялар колдонулган ири маалыматтык кампания жүрүп, бийлик тартипсиздиктерди сырттан координациялоону токтотуу үчүн интернетке жеткиликтүүлүктү убактылуу чектөөгө мажбур болгон.
«Fars News» эл аралык маалымат агенттигинин Бишкектеги Маданий-маалымат өкүлчүлүгүнүн директору Хасан Чупанинин айтымында, Ирандагы акыркы окуялардын негизги триггери саясий эмес, социалдык-экономикалык реформа — мамлекеттик субсидиялар системасын өзгөртүү болгон. Бул «экономикалык хирургия» деп аталган саясат Хасан Роуханинин президенттиги маалында башталып, кийинки өкмөттөр тарабынан улантылган.
Көп жылдар бою Иран жыл сайын ондогон миллиард долларды эң зарыл товарларды — азык-түлүк, күйүүчү май жана негизги керектөө товарларын — субсидиялоого жумшап келген. Эксперттердин баалоосунда, мындай субсидиялардын көлөмү жылына 50 миллиард долларга жеткен. Максат — калк үчүн жеткиликтүү бааларды сактап, социалдык чыңалууну азайтуу эле.
Бирок иш жүзүндө бул каражаттардын олуттуу бөлүгү карапайым жарандарга жеткен эмес. Соода ортомчуларынын жана көмүскө коммерциялык түзүмдөрдүн айынан субсидияланган товарлар рынокко кымбат баада чыккан. Натыйжада мамлекет импортту жеңилдетилген курс менен каржылап, эл ошол эле товарларды эки эсе кымбатка сатып алган. Айрым учурларда товарлар 100 пайыздан ашык үстөк менен сатылган.
Бул схеманын натыйжасыздыгын түшүнгөн бийлик импортту субсидиялоодон баш тартып, калкка түз акчалай төлөмдөргө өтүү чечимин кабыл алган. Дал ушул кадам бурулуш учур болгон. Бир жагынан, ал коррупциялык чынжырларды жоюшу керек эле, экинчи жагынан — баалардын кескин өсүшүнө жана азык-түлүк тартыштыгына алып келип, өзгөчө орто катмарга катуу сокку урган. Соодагерлердин нааразылыгынын башкы себеби да ушул болгон, улуттук валютанын курсунун түшүшү эмес.
Автор: Светлана Лаптева
Булак: vb.kg



















