Бишкекте аркан жол салынышы мүмкүн.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 30-январда Швейцариянын Флумус шаарында аркан-жол тармагы боюнча дүйнө лидери “Bartholet Swiss” компаниясынын ээси жана президенти Роланд Бартолет менен жолугушту.
Жыйында Бишкек шаарынын мэриясы менен Bartholet Swiss ортосунда кызматташуу боюнча алкактык макулдашууга кол коюлуп, Бишкек шаарында аркан жол системасы долбоорун ишке ашыруу планы бекитилди.
“Бул шаардын тургундары жана коноктору үчүн заманбап жана эффективдүү транспорттук чечимдерди камсыз кыла турган шаардык инфраструктураны өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Бул демилге заманбап жана туруктуу шаар чөйрөсүн түзүүнүн негизги фактору болуп калат”, – деп белгиленет билдирүүдө.
Эске салсак, буга чейин борбор калаада коомдук транспорт үчүн асма жол куруу планын Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат боюнча комитетинин 2023-жылдын апрель айында өткөн жыйынында билдирген.





















