Eurasiatoday
Дүйшөмбү, 16-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Бишкек  ыштан кантип арылат?

  • Аналитика
  • 29.11.2024 17:25

Loading

Бишкектин кышы жыл сайын оор болот. Бийиктиктен караган кишиге Бишкектин үстүн кара уюган түтүн каптап турганын көрүүгө болот. Буга жер тамдарда көмүрдүн жагылышы, автомашиналардын түтүнү, Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) себеп экенин адистер айтып келишет.

Чындыгында кар жааса да, жаабаса да морлордон, машинелерден сызылып чыккан түтүндүн жытынан баш айланат. Мына ушундан улам акыркы жылдары Бишкек кыш айларында дүйнөдөгү абасы кир, булганыч шаарлардын катарына кирип, ден соолук үчүн кооптуу деп табылган.

Булганган абанын айынан борбордун айрым тургундары кир абадан качып, аймактарга же чет өлкөгө чыгып кеткен учурлар катталган. Себеби нормадан ашкан ыш адамдын ден-соолугуна олуттуу көгөйлөрдү алып келип, айрыкча өпкө ооруларын пайда кылып, жөтөлдү күчөтөт. Дем алуу органдары кысылат, баш оору, уйкусуздук пайда болот. Мындан тышкары, кир абадан дем алуу астманын күчөшүнө, респиратордук өнөкөт жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын өөрчүшүнө, рактын пайда болушуна алып келет. Абанын булганышынын кесепетинен балдардын да мээси эрте жабыркап, неврологиялык оорулар пайда болушу ыктымалдуулугун дарыгерлер эскертет.

Тема боюнча

Бишкекте жылуулук 28-октябрдан тарта бериле баштайт

Бишкекте жылуулук 28-октябрдан тарта бериле баштайт

26.10.2026

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, дүйнөдөгү ар бир 10 адамдын тогузу булганыч абадан дем алат. Жылына 2 миллиондон ашык адам жүрөк оорусунан, 1 миллиондон ашыгы инсульттан каза таап, жалпы 7 миллион адамдын өлүмүнө себепкер болот.

Эрик Шүкүров, эколог:

“Түтүндүн капташынын негизги себебин шаар пландаштыруудан издөө керек”

-Бишкектеги ыштын пайда болушу, себептери жана чечилишине бир топ маанилүү маселелерге токтолуу керек.

Анткени биздин коомдо шаардын экологиясына учурдагы үстөмдүк болгон мамиледен соң, түтүн жагдайында жакшы өзгөрүүлөрдү күтүү кыйын. Азыркы түтүн – бул өткөн жана азыркы учурда жасалган экологиялык жактан туура эмес, ал түгүл зыяндуу иш-аракеттердин жыйынтыгы.
Белгилей кетчү нерсе, түтүн бир күндүн ичинде пайда болгон эмес. Көп жылдар бою шаарды табигый желдетүү маселелери таптакыр чечилбеген. 60-жылдардын аягынан баштап, Фрунзе шаарынын түштүк бөлүгүндө биринчи микрорайондор салынгандан баштап, шаардын үстүндө түтүн «жаздыктары» пайда боло баштаган болуш керек.

Улуу муун, балким, 70-80-жылдардагы шаар четиндеги адырлардан көрүнгөн булганган абанын боз топусун эстешээр…

“Шамал коргоочу” принциби боюнча курулган кичи райондор түнкү тоо желинин жолун толугу менен жаап коюп, шаар тургундарын таза абадан ажыратты. Мунун бир себеби ушул.

Бишкектеги абанын начардыгынын дагы бири курулушка байланыштуу. Бул көп кабаттуу имараттар. Алардын баары күндүз абадан ысып, түнкүсүн муздоого жетишпей, абанын үстүңкү катмарынын ысышына шарт түзөт да, аба массаларынын толук конвективдүү кыймылына тоскоолдук кылган жаздыктын бир түрү пайда болот. Натыйжада түтүн андан ары өсөт.

Үчүнчү себеби – транспорт. Кайра курулушка чейинки мезгилге салыштырмалуу автомобилдер бир топ көп. Алар шаар атмосферасында газдардын топтолушуна өздөрүнүн терс салымын кошот.

Бирок транспортту гана күнөөлөп коюу туура эмес. Бишкектин үстүн түтүн капташынын негизги себебин шаар пландаштыруудан издөө керек. Атап айтканда, унаа магистралдары.

Шаардын көчөлөрү автоунаалардын бир нече жолу көбөйүшүнө такыр ылайыкташтырылган эмес. Айрыкча пик убагында. Жол тыгындары шаардын атмосферасынын булганышына чоң салым кошуп жатканын кошумча белгилей кетүү керек.

Жагымсыз аба чөйрөсүнүн пайда болушунун дагы бир себеби – жашыл аянттардын азайышы. Азыр көптөгөн жетилген дарактар мурутчан коңузу жана башка зыянкечтер тарабынан жок кылынган, ал эми жаштары абаны зыяндуу аралашмалардан толук тазалоо жөндөмүнө ээ боло элек. Белгилей кетчү нерсе, 40-50 жашында дарактар унаадан чыккан газды жана башка газдарды сиңирип, кычкылтекти мүмкүн болушунча натыйжалуу бөлүп чыгара баштайт.

Бирок кыйынчылыктар дарактарда гана эмес. Акыркы жылдары шаар бийликтери жол боюндагы бадалдарды жок кылууда. Алар бак-дарактар менен бирге абаны гана тазалабастан, кир жана ызы-чуудан коргойт.

Жогоруда айтылгандарды жыйынтыктап келели.
Биз түтүндүн пайда болушуна алып келген бир катар себептерди атадык. Жалгыз эмес, бирок маанилүү.

Бул:
1. Курулуш;
2. Транспорт;
3. Жашылдандыруу.

Менин сунушум; Биринчиси, шаардын борбордук райондорун транспорттук жана социалдык жүктөн арылтуу үчүн жаңы кварталдарды түзүү зарыл. Бишкектин башкы планы тарыхый борбору өзгөрүүсүз калып, административдик, соода жана көңүл ачуу комплекстерин жаңы өнүгүү аймактарына көчүрүү менен жаңы шаар борборлорун түзүү кайра каралышы керек. Шаардын борборун жөө жүргүнчүлөр зонасына айландыруу зарыл. Мисалы, “Альтштадт – Нойштадт” концепциясына ылайык, өнүгүп жаткан европалык шаарларды келтирсек болот.

Экинчиси, жаңы транспорттук автомагистралдардын кесилиштеринде көп кабаттуу өткөрмөлөрдү куруу. Ошентип, жолдордун кубаттуулугу көбөйөт жана газдарды бөлүп чыгаруу интенсивдүүлүгү азаят.

Үчүнчү, жалбырактуу дарактар басымдуулук кылган дарак плантацияларынын санын жана аянтын көбөйтүү. Алардын ден соолугун сактоо жана толук көбөйүү үчүн “Өсүмдүктөрдү коргоо кызматын” жандандыруу менен Бишкектин абасын тазалоого жетише алабыз.

2023-жылы абанын булганышы боюнча Кыргызстан 18-орунду ээлеген

Дүйнөдөгү абанын сапатын иликтеген IQAir сайтынын өткөн жылдардагы иликтөөлөрүнө ылайык, Бишкек 192 көрсөткүч менен алдыңкы үч сапка кирип, абасы ден соолукка кооптуу деп саналган шаарлардын тизмесине кирген.

IQAir компаниясынын аналитиктери 2023-жылы ар кайсы өлкөлөрдөгү абанын сапаты боюнча отчетун жарыялашып, абанын булгануу деңгээли 134 өлкөдөгү 7 миң 812 шаарды көрсөткөн.

Аналитиканын негизинде абанын булганышынын 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан рейтингдин алдыңкы жыйырма лидеринин катарына кирип, Кыргызстан 18-орунду ээлеген.

Отчетко ылайык, дүйнө жүзү боюнча он гана өлкөдө жана аймактарда абаны булгоочу PM2.5 денгээли дүйнөлүк ден соолук стандарттарына жооп берген.

Эң таза аба Француз Полинезиясы, Маврикий, Исландия, Гренада, Бермуд, Жаңы Зеландия, Австралия, Пуэрто-Рико, Эстония жана Финляндияда болгон.

Даярдаган Турдайым Кожомбердиева.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Бишкекжурналисттердин кармалышытүтүнЭкология
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Райондор менен облустар жоюлуп, ордуна аймактар түзүлөт

Райондор менен облустар жоюлуп, ордуна аймактар түзүлөт

27.10.2026
Бишкекте жылуулук 28-октябрдан тарта бериле баштайт

Бишкекте жылуулук 28-октябрдан тарта бериле баштайт

26.10.2026
Бишкектеги ирандыктардын мектебинде жаңы окуу жылы башталды. Сүрөт

Бишкектеги ирандыктардын мектебинде жаңы окуу жылы башталды. Сүрөт

23.09.2026
Борбордук Азия өлкөлөрү жерлерди калыбына келтирүү жана чөлгө айланууга каршы күрөшүү боюнча демилгелерин сунушташты

Борбордук Азия өлкөлөрү жерлерди калыбына келтирүү жана чөлгө айланууга каршы күрөшүү боюнча демилгелерин сунушташты

27.08.2026
Жасалма жаан:  Глобалдык куткаруучубу же экологиялык кырсыкпы?

Жасалма жаан:  Глобалдык куткаруучубу же экологиялык кырсыкпы?

27.08.2026
Бишкекте ири соода борборлору, базарлар жана жер астындагы өтмөктөр убактылуу жабылат

Бишкекте ири соода борборлору, базарлар жана жер астындагы өтмөктөр убактылуу жабылат

19.08.2026
Кургап калган Арал деңизинин түбү атмосферага жүздөгөн миллион тонна CO₂ бөлүп чыгарууда

Кургап калган Арал деңизинин түбү атмосферага жүздөгөн миллион тонна CO₂ бөлүп чыгарууда

18.08.2026
К. Бакиров: “Европада акыркы он жылдыктардагы эң оор кургакчылык башталды”

К. Бакиров: “Европада акыркы он жылдыктардагы эң оор кургакчылык башталды”

18.08.2026
ЕӨБ: Борбордук Азиянын электр тармактарындагы жоготуулар 20%га жетти

ЕӨБ: Борбордук Азиянын электр тармактарындагы жоготуулар 20%га жетти

01.07.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026
Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
200 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.