2023-жылдын 15-ноябрында белгилүү коомдук жана саясий ишмер Топчубек Тургуналиев 82 жашында дүйнөдөн кайтты. Философия илимдеринин кандидаты, илимпоз Топчубек Тургуналиев 1990-жылдардын башында демократиялык процесстердин жанданышы менен жарандык позицияларын ачык билдирип, Кыргызстан коомуна кеңири таанылган.
1990–1991-жылдары Кыргызстан демократиялык кыймылынын теңтөрагасы болуп иштеген. 1991-жылы “Эркин Кыргызстан” демократиялык партиясын түзгөн. 1990–1993-жылдардагы саясий процесстердин, 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы элдик революциялардын лидерлеринин катарында турган.
Топчубек Турганалиев Кыргыз Республикасынын Аксы районундагы Мечит-Сай айылында 1941-жылдын 5-июлунда жарык дүйнөгө келген.
1965-жылы Москва Мамлекеттик маданият институтун бүтүргөн. 1975-жылы Москвадагы СССР Коомдук илимдер академиясынын аспирантурасын аяктап, философия илимдеринин кандидаты илимий даражасына ээ болгон.
Эмгек жолун Солнечногорск шаарында мугалим катары иштөө менен баштаган. 1964–1991-жылдары Фрунзедеги В.В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда жана СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекттик университетинде мугалим болуп иштеген.
1966–1972-жылдары М. Абдраев атындагы атайын музыкалык орто мектептин жетекчиси катары эмгектенген. 1969–1972-жылдары Кыргызстан Коммунистик партиясынын Борбордук Комитетинин сектор башчысы кызматын аркалаган. 1994-жылы Бишкек гуманитардык университетинин ректору кызматына дайындалган. 2010–2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мүчөсү, 2012-жылдан баштап И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы Манас таануу институтунун жетекчиси, 2019-жылдан баштап 2021-жылга чейин “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын демилгечиси жана президенти кызматтарын аркалаган.
Т. Тургуналиевдин эмгеги эл аралык уюмдар жана мамлекет тарабынан жогору бааланып, 2001-жылы Эл аралык укуктук уюмдар тарабынан “Адам укуктарын коргоочу” наамы ыйгарылган. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку сыйлыгы I даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.
Т.Тургуналиев илимпоз катары алтымышка жакын илимий жана публицистикалык эмгектерди жарыкка чыгарган.
Топчубек Тургуналиев кыргыз коомчулугунда өзгөчө орду бар, коомдук-саясий ишмер, окутуучу, илимпоз катары маданиятка, тарыхка, билим берүүгө зор эмгек сиңирип кетти.




















