26-январда Беларуста президенттик шайлоо болуп өттү.
Беларустун БЕЛТА агенттиги БШКнын маалыматына таянып жетинчи жолу жогорку кызмат үчүн ат салышкан Александр Лукашенко 86,82%ы добуш алганын кабарлады.
Муну БШКнын төрагасы Игорь Карпенко маалымат борборунда билдирген.
БШКнын төрагасынын маалыматына ылайык, жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө шайлоо участкалары жабылып, добуштарды саноо башталган.
Ал добуш берүү күнүндө бардык шайлоо участкаларында кырдаал тынч, туруктуу өткөндүгүн билдирди.
Белгилүү болгондой, шайлоого жалпысынан беш талапкер катышып, Лукашенко шайлоочулардын эң көп добушун алган.
О. Гайдукевич – 2,02, А. Канопатская – 1,86%, С. Сыранков – 3,21%, А. Хижняк – 1,74% добушка ээ болушкан.
Ал эми баарына каршы добуш берген шайлоочулар 3,60% түзгөн.
Борбордук шайлоо комиссиясы Беларустагы президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгын 3-февралда чыгарат.
Буга чейин комиссия шайлоочулардын 40%ы 5 күн эрте добуш бергенин маалымдаган.
Шайлоодогу добуш берүүгө байкоочулук кылуу үчүн КМШ мамлекеттеринин ичиндеги 7 өлкөдөн жалпы 286 киши аккредациядан өтүп, анын ичинен 40 киши байкоочулулук кылган.
Дагы башка маалымат булактарынын жазганына караганда, оппозициядагы “Беларустун демократиялык күчтөрү” эл аралык коомчулукту шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого чакырган.
Укук коргоочулардын пикиринде, Беларустагы шайлоолор “авторитардык өкмөт өз бийлигин мыйзамдаштыруу үчүн колдонулуп, өз функциясын аткарбай калган”.
Ал эми Лукашенко шайлоо аяктай электе пресс-конференция өткөрүп, өлкөдө саясий беренелер менен айыпталгандар жоктугун, “оппозиция саясий туткундар эместигин” жана аларга кылмыш иштери козголгонун билдирген.
Бирок шайлоо күнү Лукашенконун каршылаштары жана куугунтуктан улам чет өлкөлөргө кетүүгө мажбур болгон эмигранттар, беларус диаспорасы Европанын Варшава, Вильнюс өңдүү шаарларында шайлоого каршы акцияларды өткөрүшкөнү маалым болду.

















