Беларус Өзбекстандагы биринчи атомдук электр станциясынын (АЭС) курулушуна катышууга даяр.
Бул тууралуу 5-августта Минскиде Беларустун энергетика министри Денис Мороз “Узатом” Атомдук энергетика агенттигинин директору Азим Ахмедхаджаев жетектеген делегациясы менен жолугушууда билдиргендигин министрликтин басма сөз кызматы жазды.
Белгиленгендей, тараптар өзөктүк энергетиканын инфраструктурасын өнүктүрүү, кадрларды даярдоо, радиоактивдүү калдыктар жана пайдаланылган ядролук отун менен иштөө, атомдук электр станцияларын энергетика системасына интеграциялоо боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
“Беларус өнөктөштүккө ачык жана Өзбекстан менен атомдук энергетика тармагында тажрыйба алмашууга даяр”, – деп белгиледи Денис Мороз.
Ал Өзбекстандын атомдук энергияны тынчтык максатта колдонгон мамлекеттер клубуна кошулуу жана улуттук өзөктүк программасын ишке ашыруу чечимин кубаттай тургандыгын кошумчалады.
Анын айтымында, өзбек тарап кызыкдар болсо, Өзбекстанда атомдук электр станциясын куруу долбоорун ишке ашырууга беларус тарап да катыша алат. Беларусияга иш сапарынын алкагында “Узатомдун” делегациясы өлкөнүн АЭСинде болуп, эки өлкөнүн адистери кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын аныкташат.
Ал эми Өзбекстан Беларустун топтолгон тажрыйбасына кызыгуусу чоң экендигин билдирди.
Азим Ахмедхаджаев Беларустун өзүнүн АЭСин куруу жана ишке киргизүү процессиндеги практикалык өнүгүүлөрү Ташкент үчүн өзгөчө баалуу экенин баса белгиледи.
Эске сала кетсек, 2024-жылдын май айында россиялык “Росатом” корпорациясы менен Жиззак облусунда аз кубаттуулуктагы электр станциясын куруу боюнча келишим түзүлгөн. Бул долбоор алты заманбап RITM-200N реакторунун курулушун камтыйт, алар чогуу 330 МВт кубаттуулукту камсыздайт.
Курулуш иштерин баштоого уруксат алуу процесси 2026-жылы аяктайт деп күтүлүүдө.



















