Иранда мындан 45 жыл мурун болгон Ислам революциясынын жеңишинен кийин коомдун саясий жана социалдык турмушу түп-тамырынан бери өзгөрүп, ал бардык социалдык топтордун, анын ичинде аялдардын абалына оң таасирин тийгизип, үй-бүлө жана аялдар маселесине жаңыча мамилени жана жаңыча көз карашты калыптандырууга салымын кошту. Ислам революциясынын арты менен аялдардын коомдогу орду, бедели жана ролу жогорулап, алардын ар кандай үй-бүлөлүк, илимий, коомдук жана саясий тармактардагы ишмердүүлүгүнө ылайыктуу шарттар түзүлүп, аялдар да эркектер сыяктуу эле көптөгөн таланттарга жана жөндөмдүүлүктөргө ээ экендигин жана коомдун өнүгүүсүнө жана турмуштун бардык тармактарында мыкты болушуна салым кошо аларын көрсөттү.
1979-жылы 1-февралда Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Имам Хомейни Франциядан 15 жылдык сүргүндөн мекенине кайтып келген. Бул учурда Шах Мухаммед Реза Пехлеви үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен. Шах ошол бойдон Иранга кайтып келген эмес. Аятолла Хомейни Иранга кайтып келгенден он күн өткөндөн кийин 11-февралда Ислам Революциясы толук жеңишке жеткен.
“Батыш да, Чыгыш да эмес!”. Аялдардын үчүнчү мууну
Ислам революциясынын жеңишинен кийин Ирандагы жана дүйнөдөгү коомдук пикир тарабынан олуттуу талкууланган жана көңүл бурган маселелердин бири аялдар маселеси болду.

Ислам революциясы ар түрдүү мектептер жана светтик идеологиялар аялдардын кандайдыр бир категориясына өздөрүнүн принциптери жана багыттары боюнча белгилүү бир идеологияны таңуулап жаткан чакта жеңишке жетти. Бирок, Ислам революциясы бул маселеде адамзаттын алдына жаңы жана өзгөртүүчү көз карашты алып келди.
Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеинин айтымында, бул жаңы көз караш аялдын чыгыштык да, батыштык да эмес, жаңы үчүнчү муунун пайда кылды.

Хамененин айтымында, чыгыш аныктамасында аялдар, негизинен тарыхты түзүүдө ролу жок маргиналдык элемент катары көрсөтүлсө; батыш аныктамасында аялдар, жынысы анын адамгерчилигине көлөкө түшүргөн жана эркектер үчүн сексуалдык курал жана жаңы капитализмге кызмат кылган жан катары көрсөтүлөт. Бирок Ислам революциясынын аялдары үчүнчү муун – чыгыштык да, батыштык да эмес экенин көрсөттү.
Ирандык мусулман аял дүйнө аялдарынын көз алдында жаңы тарыхты ачып, аял болуу, намыстуу жана барктуу болуу мүмкүн экенин, ошол эле учурда үй-бүлөнүн чебин таза кармап, саясий жана коомдук аренада жаңы чептерди куруп, чоң жеңиштерге жетишсе болорун далилдешти.
Ислам революциясынын аялдарга болгон көз карашы Ислам негиздеринен келип чыккан. Ислам көз карашында аял да, эркек да жынысына карабастан өсүүгө карай кадам шилтей алат.
Ислам революциясынын лидери аятолла Хаменеи бул маселе боюнча мындай деген: «Исламдын гендерге болгон көз карашы экинчи даражадагы көз караш; биринчи даражада адамгерчилик турат, анда гендер эч кандай роль ойнобойт”.

Ирандын Жогорку лидеринин айтымында, Ислам менен Батыштын аялдын иденттүүлүгү, анын баалуулуктары, укуктары, милдеттери, эркиндиктери жана чектөөлөрүнө карата мамилеси бири-бирине карама-каршы келет.
“Батыш цивилизациясынын аялдар маселесине карата мамилеси эки фактордон турат: пайда жана ырахат алуу”, – деген Хаменеи.
Ал Исламдагы аялдар маселеси Исламдын күчтүү жактарынын бири экенин айтып, Ислам аялдарга тиешелүү бардык тармактарда күчтүү логикага жана рационалдуу колдоого ээ деген.
Ал Батыштагы адеп-ахлактык бузулуу боюнча коркунучтуу статистиканы келтирип, Батыш өлкөлөрүндө күн сайын аялдарга болгон урмат-сыйсыздык күчөп, үй-бүлөнү бузуп жаткан нерселердин баары күн сайын көбөйүп жатканын белгилеген.
Анын айтымында, Батыштын цивилизациялык жана маданий системасы аялдар темасында талкуулардан качат, себеби, Батыштын аялдар жөнүндө логикасы жок.
Аятолла Исламда аялдардын ар кандай жетекчилик, саясий, коомдук жана маданий кызматтарда болушуна эч кандай чектөө жок экенин айтты.
Аялдар менен эркектердин тең укуктуулугу маселесине токтолгон Ислам революциясынын лидери Ислам алардын адамдык баалуулуктар жана асылзаттык маселелерде тең укуктуулугун тааный турганын айтып, бул Исламдын күчтүү жана рационалдуу логикасынын бир бөлүгү экенин баса белгиледи.
Ал Исламда эркек менен аялдын үй-бүлөлүк милдеттери эки башка болгону менен, алардын үй-бүлөлүк укуктары бирдей экенин кошумчалады.


















