Eurasiatoday
Ишемби, 28-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Батыш Россия менен Түндүк Кореянын аскердик кызматташтыгынан кооптонууда

  • Эксперттин пикири
  • 14.09.2023 14:13

Loading

Сүрөт: Михаил Метцель

Тема боюнча

Ким Чен Ын Түндүк Кореянын өзөктүк дараметин күчөтүүнү тапшырды

Ким Чен Ын Түндүк Кореянын өзөктүк дараметин күчөтүүнү тапшырды

26.11.2026

Россиянын президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жолугушуусу дүйнөдөгү ЖМКлардын көңүлүн буруп, ал тууралуу маалыматтар дүйнөнүн эң ири маалымат каражаттарында жарыяланды. Чет элдик басылмалардын авторлору КЭДРдин башчысы Россияга кандай максатта келгенин жана Москва менен Пхеньяндын жакындашуусуна Вашингтон кандай роль ойногонун талкуулашууда.

Бул тууралуу lenta.ru агенттиги жазды.

AP: Ким Чен Ынга россиялык аскердик технологиялар керек

Эл аралык “Associated Press” (AP) агенттиги Пхеньян Москвадан эмнени каалап жатканы тууралуу материал жарыялады. Анын авторлору Ким Чен Ын Россиядан аскердик технологияларды алууну күтөт деп божомолдошууда.

“Associated Press” агенттигинин авторлору Хен Чжин Ким жана Ким Тонг Хен мындай деп жазган:

“Ким Чен Ынга алыс аралыкка учуучу ракеталар, гиперүндүү жана баллистикалык куралдар, суу астында жүрүүчү атомдук кайыктар жана шпион спутниктери сыяктуу жогорку технологиялуу курал системаларын түзүү үчүн орус технологиясы керек болушу мүмкүн. Россия Түндүк Кореяга өзөктүк курал жана континенттер аралык баллистикалык ракеталарга байланыштуу алдыңкы технологияларды берүүгө даярбы же жокпу азырынча белгисиз. Россия ар дайым өзүнүн эң маанилүү курал-жарак технологияларын, атүгүл Кытай сыяктуу негизги өнөктөштөрдөн да кылдаттык менен коргоп келген”.

Spiegel: Батыш бул жолугушуу Россия менен Түндүк Кореянын аскердик кызматташтыгына алып келиши мүмкүн деп кооптонууда

Баяндамачы Мартин Кноббе Spiegel немис басылмасындагы макаласында Батыш эки лидердин жолугушуусуна этияттык менен көз салып жатканын жазган.

“Батыш бул (Владимир Путин менен Ким Чен Ындын жолугушуусу – ред.) келечекте эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгына, алардын биргелешкен маневрлерине, жалпы стратегияга жана балким Кытай менен болгон байланыштарды тереңдетүүгө алып келиши мүмкүн деп кооптонууда”, – деп жазган Мартин Кноббе.

GT: Россия менен Түндүк Корея АКШнын санкцияларынан улам жакындаша баштады

Россия, Чыгыш Европа жана Борбор Азия изилдөөлөр институтунун кенже илимий кызматкери Ян Цзинь кытайлык Global Times басылмасына берген маегинде Владимир Путин менен Ким Чен Ындын сүйлөшүүлөрүнүн негизги темасы эки өлкөнүн мамилесин бекемдөө болгонун айтты. Анын айтымында, Россия менен Түндүк Корея “учурда Батыштын болуп көрбөгөндөй дипломатиялык кысымына туш болууда”, ошондуктан алар “Батыштын изоляциясынын кээ бир терс кесепеттерин компенсациялоосу керек”.

АКШнын санкциялары Россия менен Түндүк Кореянын жакындашуусуна алып келгенин кытайлык аскерий эксперт Сун Чжунпин да айтты. Мындай пикирге Кытайдын Тышкы иштер университетинин профессору Ли Хайдун да кошулду. Анын айтымында, Москва менен Пхеньяндын тыгыз кызматташуусу АКШ менен Түштүк Кореянын аскердик машыгууларына жооп болуп саналат.

Hindustan Times: жолугушуу жери катары “Восточный” космодрому жөн жерден тандалган эмес

Владимир Путин менен Ким Чен Ын “Восточный” космодромунда жолугушту. Индиянын Hindustan Times гезитинин кызматкери Малика Сони билдиргендей, бул жер жөн жерден тандалган эмес.

“Түндүк Корея акыркы төрт айда эки жолу чалгындоо спутниктерин учура алган жок. Ким Чен Ындын эң башкы приоритети — чалгын спутнигин учуруу”, – деп жазган басылманын кабарчысы.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: БатышКим Чен ЫнкооптонууПутин
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Путин Орусиянын жасалма интеллект боюнча улуттук стратегиясын жаңылоону сунуштады

Путин Орусиянын жасалма интеллект боюнча улуттук стратегиясын жаңылоону сунуштады

27.11.2026
Ким Чен Ын Түндүк Кореянын өзөктүк дараметин күчөтүүнү тапшырды

Ким Чен Ын Түндүк Кореянын өзөктүк дараметин күчөтүүнү тапшырды

26.11.2026
Путин: Россия энергетикалык ресурстарын сатуу рынокторун кеңейтүүнү улантат

Путин: Россия энергетикалык ресурстарын сатуу рынокторун кеңейтүүнү улантат

25.11.2026
Трамп, Си жана Путин Тынчтык декларациясын кабыл алышты: анда эмне айтылат?

Трамп, Си жана Путин Тынчтык декларациясын кабыл алышты: анда эмне айтылат?

20.11.2026
Кытайда Орусия, АКШ жана КЭР лидерлеринин үч тараптуу жолугушуусу өтүүдө

Кытайда Орусия, АКШ жана КЭР лидерлеринин үч тараптуу жолугушуусу өтүүдө

19.11.2026
Bloomberg Путинди АТЭС саммитинде «көңүл борборунда» деп жазды

Bloomberg Путинди АТЭС саммитинде «көңүл борборунда» деп жазды

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Ушаков Путин менен Трамп жолугушуунун форматына карабастан толук кандуу сүйлөшүү өткөрөрүн билдирди

Ушаков Путин менен Трамп жолугушуунун форматына карабастан толук кандуу сүйлөшүү өткөрөрүн билдирди

18.11.2026
В. Путин АТЭС саммитине катышуу үчүн Шэньчжэнь шаарына келди

В. Путин АТЭС саммитине катышуу үчүн Шэньчжэнь шаарына келди

18.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
224 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.