Урматтуу мекендештер!
Бир жыл мурун коңшу Тажикстан мамлекетинин күтүүсүз кол салуусунан улам, каргашалуу окуя катталып, кырчындай жигиттерибизден, карапайым тургундарыбыздан айрылдык. Ошол кандуу окуя кара так катары тарых бетинде түбөлүк калат.
Анткени алар бабалардан мураска калган Баткен жергесин коргоп, элибиздин эгемендиги үчүн курман болушту.
Алардын эрдиги эч качан унутулбайт. Мекенчилдиктин бийик үлгүсү катары муундан-муунга айтыла берет!
Ардактуу Баткенимдин баатыр эли!
Сиздер басып өткөн жол ары татаал, ары сыймыктуу. Анткени силер бир канча коогалуу окуяларды башыңардан өткөрүп, кас душмандардын огуна төш тостуңар. Кандай кырдаал болбосун, кайратмандык менен жеңип, чыныгы Манастын урпактары экениңерди далилдедиңер. Албетте, мезгил өтөт, жылдар алмашат, баары өзгөрөт. Бирок, силердин мекенге болгон сүйүүңөр эч өзгөрбөйт. Буга мен толук ишенем.
Исхак Раззаковдой уулдары бар улуу элдин урпагы дагы уланат. Агрессорлордун айыбын ачып, эриш-аркак жашаган эки элди душманга айландыргандарды жазалаган уул-кыздарыбыз төрөлөт. Биз кемибейбиз, тескерисинче Баткен жергеси дагы кеңейет. Ынтымак жана биримдик менен алдыга жыла беребиз.
Кымбаттуу замандаштар!
Учурдан пайдаланып, аскерге уулун жөнөтүп табытын алган энелерге, коогалаңда курман болгон бардык мекендештеримдин жакындарына көңүл айтам! Мындай окуялар кайра кайталанбай, жергебизде тынчтык, элибизде биримдик болсун!
Султанбай Айжигитов,
КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты.