Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Дамаскта Сириянын президенти Башар Асад менен жолугушту. Тараптар террордук топтор кол салууларды уюштуруп жаткан Сириянын түндүгүндөгү акыркы окуяларды талкуулашты.
Аракчи Сирияга террордук активдүүлүктүн күчөшүнүн фонунда Дамаскка жекшемби күнү келген.
IRNA агенттиги мурда кабарлагандай, Ирандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Сирия өкмөтүнө Тегерандын билдирүүсүн жеткирип, ошондой эле иран тарап Сириянын армиясы менен өкмөтүн террордук топторго каршы күрөштө колдоорун ырастады.
Асад Сириянын өз аймагында терроризм менен күрөшүн улантып жатканын баса белгилеп, бул тирешүү бүткүл аймактын ырааттуулугу жана коопсуздугуна кызмат кыларын белгиледи.
Президент Асад акыркы жылдары Сирия эли терроризмдин бардык түрлөрүнө туруштук бере алганын жана бүгүн аны жок кылууга мурдагыдан да чечкиндүү экенин белгилеп, чет элдиктер колдогон террордук чабуулдарга каршы турууда жана алардын пландарын жокко чыгарууда өнөктөштөрдүн жана достордун колдоосунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Аракчи өз кезегинде Дамаск террордук топторду мурда жеңгендей, бул жолу да жеңе турганын билдирди.
Ирандын тышкы иштер министри террордук топтордун соңку активдешүүсүн аймактын стабилдүүлүгүнүн жана коопсуздугунун душмандарынын кутумунун бир бөлүгү жана террористтердин максаттарынын АКШ менен Израилдин режиминин максаттары менен дал келгендигинин далили деп атады.
Аракчи Сириядагы террордук топтордун активдешүүсүнүн фонунда Жакынкы Чыгышка жасаган сапарын улантуу үчүн Дамасктан Түркияга жөнөп кеткенин Иран өкмөтү билдирди.
Террорчулардын баш көтөрүүсү
Сириянын Коргоо министрлиги 28-ноябрь күнү өкмөттүк армия Алеппо жана Идлиб провинцияларына чабуул койгон террористтер менен кагылышканын билдирген. «Хаят Тахрир аш-Шам* террордук уюмуна (мурдагы аты Жабхат ан-Нусра) таандык топтор деэскалация келишимин бузуп, Алеппо жана Идлиб провинцияларында кеңири фронтто кыштактарга, калктуу пункттарга жана аскердик позицияларга чабуул коюшкан. Сириянын аскердик ведомствосунун маалыматы боюнча, армия чабуулга жооп кайтарып, натыйжада террористтер адам күчү жана техникасынан жоготууга учурашкан.
30-ноябрга карата согушкерлер 2016-жылдан бери өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүндө турган өлкөнүн экинчи чоң шаары Алеппону толугу менен көзөмөлгө алышканы маалымдалган. Согушкерлер ошондой эле Идлиб провинциясындагы бир катар кыштактарга да киришкени кабарланууда. Reuters агенттиги булактарына таянып террорчулар Маарат ан-Нуман шаарын көзөмөлгө алышып, провинцияны толугу менен көзөмөлдөп турганын билдирген.
Согушкерлер бир нече аэропортту, анын ичинде Алепподогу жарандык аэропортту жана Идлибдин чыгышындагы Абу аль-Духур аскерий аэропортун басып алышты. Сириянын Адам укуктары боюнча обсерваториясы Хама провинциясындагы бир катар калктуу конуштарды согушкерлер көзөмөлдөп жатканын кабарлады, бирок Сириянын Коргоо министрлиги бул маалыматты четке какты.
Өкмөттүк күчтөрдү колдогон Орусия согушкерлердин адам күчү менен техникасына сокку урулганын кабарлады: Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 30-ноябрга карата 300дөй террорчу жок кылынды.
Аракчи бир күн мурун Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго телефон чалган. Лавров менен ошондой эле түрк кесиптеши Хакан Фидан да Сириядагы кырдаалды талкуулады. Лавровдун эки маектеши тең АКШны террордук топторду колдоодо деп айыпташты.
Өз кезегинде Асад БАЭ президенти Мохаммед бин Заид Аль Нахайян менен кырдаалды талкуулады. Ал Сирия өзүнүн аймактык бүтүндүгүн коргоону улантууда жана достору менен союздаштарынын жардамы менен террористтерди жок кылууга жөндөмдүү экенин билдирди.

















