Учурда интернеттин кыргыз сегментинде баласына зордук көрсөтүп жаткан атанын видеосу тарап жатат. Мындан улам коомчулукта ага карата катаал чара колдонуп, кылмыш иши козголушун талап кылган пикирлер жарыяланууда.
Интернетте тараган видеонун негизинде баласына зордук көрсөткөн ата Алай районун тургуну экени аныкталганын Ош облустук милициядан билдиришти.
Маалыматта, 2024-жылдын 12-сентябрь күнү белгисиз атуул тарабынан жашы жете элек балага карата зомбулук аракеттерди көрсөтүп жаткан видео жазуу “Вотсап” группаларга таркап жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөнү айтылып, бул факты ушул эле күнү Алай райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганы кошумчаланат.

“Текшерүүнүн жүрүшүндө видеого тартып аткан белгисиз атуул Алай районунун 1985-жылы туулган И.Т. экендиги аныкталып, тергөө кызматына өткөрүлгөн. Алгачкы маалыматтар боюнча И.Т. мындай аракеттерге баруусунун себеби, жубайы менен пикир келишпестиктер пайда болгондуктан, аны коркутуп коюу максатында өзүнүн баласын урушуп, видеого тартып, Россия Федерациясында эмгектенип жүргөн аялына жөнөткөндүгү маалым болгон”,-деп айтылат милициянын маалыматында.
Милиция кызматкерлери видео тасмадагы жаш баланы ошол замат коргоого алышып, дарыгерлерге көрсөтүшүп, денесинде эч кандай жарат байкалбаганын жана учурда тийиштүү экспертизалар дайындалганын билдиришти. Ошондой эле бул окуяга катыштыгы бар башка жарандар да суралып, текшерүү уланаарын, анын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынаарын кошумчалашты.
Былтыр, 2023-жылдын 6-ноябрында эки жашар эки наристе кыздарын сабап жаткан келиндин видеосу социалдык тармактарга тарап, эки күндөн кийин облустук милиция 21 жаштагы келинди кармаган.
Териштирүүнүн негизинде Араван райондук соттук-медициналык экспертиза мекемесинин кызматкерлери кыздардын денесинен көптөгөн көк ала тактар, шишиктер, ийне сайылган тактар аныкталганын билдирген.
Мындан улам Башкы прокуратура ал келинди энелик укуктан ажыратуу керектиги боюнча декабрь айында Араван райондук сотуна арыз келтирген. Анын негизинде 2024-жылдын 7-февралында, райондук сот эгиз кыздарын сабаганы аныкталганына байланыштуу келинди энелик укуктан ажыратып, кыздарды өз атасына өткөрүп берген.




















