Бала-Саруу ГЭСине элегаздык изоляциясы менен комплектүү бөлүштүрүүчү түзмөктүн түшүрүлүшү күтүлүүдө.
Бала-Саруу ГЭСинин курулушу активдүү улантылууда. 110 кВ чыңалуусундагы “Кара-Арча – Покровка” аба электр чубалгысынын курулушу дээрлик соңуна жакындады. ГЭСтин курулушуна электр энергия үзгүлтүксүз камсыздалышы керектигине байланыштуу жана аны өчүрүүгө мүмкүнчүлүк болбогондуктан №11-15 жана №4-5 тирөөчтөр арасына зым тартуу иштери кийинки мөөнөткө жылдырылды. Ал эми жабык бөлүштүрүүчү түзмөктүн курулушу боюнча айтсак, адистер инженердик тармактарды монтаждоо менен, (актап-сырдоо) бүтүрүү иштерин алып барууда.
Бүтүрүү иштери аягына чыккан соң элегаздык изоляциясы менен комплектүү бөлүштүрүүчү түзмөктү монтаждоо мерчемделүүдө. Жабдуунун жеткирилип берилишин Шаньдун-Тайкай компаниясы (Кытай) камсыздоодо. Учурда жабдуу жүктөлүп жөнөтүлдү жана болжол менен курулуш аймагына эмки жума келиши күтүлүүдө.
Бүгүнкү күндө ГЭС аймагында басым түтүктөрүн жана ГЭСтин имаратын куруу иштери активдүү жүрүүдө. Айта кетсек, подряддык уюм тарабынан 0,00 белгисине чейинки пайдубалын куюу боюнча жана үч агрегаттын соргуч түтүктөрү менен бетонду кабыл алуу үчүн арматураны боолоо (бекемдөө) боюнча иштери аткарылууда.
Муну менен бирге басым түтуктөрунүн тирөөчтөрүн орнотуу иштери, ГЭСтин имаратынын дубалдарын орнотуу жана темир каркасын даярдоо боюнча жумуштар аткарылууда. Жабдууларды камсыздоочу компания Глобал Гидро тарабынан үч гидротурбинанын соргуч түтүктөрүнүн камераларын шеф-монтаждоо иштери жүргүзүлдү.
Эске салсак, Глобал Гидро гидроагрегаттарды жана конустук затворду жеткирип берүүнү ишке ашырат. Акыркысы учурда Бала-Саруу ГЭСинин аймагына жеткирилип келинген. Ал эми турбинанын калган бөлүктөрү даярдалып бүтүп, этап менен курулуучу аймакка жөнөтүлүүдө.
Киров суу сактагычында орун алган «Бала-Саруу» ГЭСинин курулушуна Президент Садыр Жапаров капсула салган. Долбоор жалпы кубаттуулугу 25 мегаВатт болгон үч генераторлуу ГЭСтин курулушун ичине камтыйт. Ал бир жылда орточо 92 миллион кВтс электр энергиясын өндүрөт. “Бала-Саруу” ГЭСи Талас облусундагы Киров суу сактагычы курулгандан бери пайдаланылбай келген гидроэнергетикалык ресурстарды максималдуу натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.