Өтүп бараткан жумада Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Камбар-Ата-1 ГЭСинин негизги долбоорун баштоого даярдык көрүү максатында жеринде аткарылып жаткан жумуштар менен таанышты.
Даярдык көрүү объекттерин куруу боюнча учурда 126 метрлик транспорттук туннель казылып, 15 метри гана калды. 110кВт аба чубалгылары 6 чакырымга тартылып, дагы кошумча 12 чакырымга тартуу иштери улантылууда.
Камбар-Ата-1 ГЭСине чейинки 5,6 чакырым унаа жолго бетон төшөө иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө жолдун оң тарабына 4,4 чакырым бетон төшөлгөн.
Нарын дарыясынан Камбар-Ата-1 ГЭСине өтүүчү көпүрө куруу иштери да уланууда. Биринчи тирөөч үчүн 8 казык (свая) бургуланып, баарына бетон куюлган. Экинчи тирөөч үчүн 18 казыктын 14ү бургуланып, аларга да бетон куюлду. Үчүнчү тирөөч боюнча иштер эми башталат. Төртүнчү тирөөч үчүн 8 казык бургуланып, бирок бетон куюу иштери баштала элек. Жумушчулар үчүн убактылуу жашоочу жайдын пайдубалы даярдалган.
Башкы подрядчы “Нарынгидроэнергокурулуш” компаниясынын белгиленген мөөнөтүнө ылайык, автожолду куруу жана бетон төшөө иштери 2025-жылдын май айында бүткөрүлөт. Калган иштердин бардыгы 2024-жылдын декабрь айына карата бүткөрүлөт.
Белгилей кетүүчү жагдай, президент Садыр Жапаров станциянын курулушуна 2022-жылы 8-июнда старт берген.
Камбар-Ата-1 ГЭСинин биринчи агрегаты 2028-жылы ишке киргизилери пландалууда. ГЭС толугу менен курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд кВт саат электр энергиясын өндүрөт.




















