Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын чакан жамааты 22-28 февраль күндөрү чыгармачыл сапары менен Өзбекстанда болду.
Кыргыз Эл жазуучусу, драматург Кайрат Иманалиевдин калемине таандык богон “Үмүт” моно спектакли эң оболу Ташкент шаарындагы Өзбек драма театрынын сахнасында эки жолу жергиликтүү көрөрмандарга тартууланды.
Башкы ролду Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти жана КР Эмгек сиңирген артисти Назира Мамбетова аткарды, режиссёру – Уланбек Карыпбаев.
Группанын жетекчиси, таанымал актёр Темирлан Сманбековтун чакан маегинде, кийинки учурларда кыргыз-өзбек достугу чыңдалып бара жатканын, өзгөчө маданият тармагында “чекара” деген нерсе болбостугун баса белгиледи.
“Президенттерибизге чоң алкыш айтышыбыз керек, эзелтен коңшу, боордош эки элдин достугун, ынтымагын, биримдигин чыңдап, өркүндөтүп жатышат. Айрыкча маданият жана көркөм өнөр алкагындагы карым-катыштар жогору деңгээлде, бир калыпта алга карай умтулууда. Ушул маанайда, биз да “Үмүт” спектаклин өзбекстандык көрөрмандандаргы алып келдик. Бизди жылуу тосуп, бардык шарттарды түзүп берген Өзбекстан маданият министрлигине, жергиликтүү өкмөт органдарына, Республикалык Кыргыз улуттук маданият борборунун активисттерине чоң ыраазычылык билдирем” – деп айтты Т. Сманбеков.
Спектаклди көргөн жергиликтүү Гули Абдурасулованын айтымында, спектакль кыргыз тилинде болгонуна карабай, өзбек көрүүчүлөрүнө да өтө түшүнүктүү болду.
“Анткени көркөм өнөрдө котормочу керек эмес. Фронттон кайтпай калган уулдарын кырк жылдан ашуун күткөн жалгыз бой энелер Өзбекстанда да көп. Бул кыргыз жана өзбек элдеринин тарыхы жана тагдыры бир экендигин билдирет. Улуу үмүт, ыйык ишеним, жер жүзүндөгү бардык энелерди билдирип турган Эне жөнүндө чыгарманы бизге тартуулаганы үчүн кыргыз боордошторубузга чоң рахмат. Элдерибиздин ортосундагы достук, кызматташтык мындан ары да өркүндөй берсин!”, – деп айтты Т. Сманбеков.
Аншлаг болгон залдагы кɵрүүчүлɵр “браво!”, “зор” деген мактоо сөздөрү жана кол чабуулар менен тосуп алышты. Аягында, жалпы кɵрүүчүлɵр кɵпкɵ чейин тике туруп Назира Мамбетовага кол чабышты.
Ошондой эле спектакль Каракалпакстандын борбору Нукус шаарындагы жаш көзүүчүлөр театрында да коюлду.





















