Кутман таң, урматтуу мекендештер! Бүгүн 17-сентябрь аруулук күнү сиздер менен көкүрөктөгү бир ойду бөлүшкүм келди. Мага тааныш да, бейтааныш да адамдар коомдо болуп жаткан тигил же бул окуялар боюнча оюмду билүү үчүн кайрылашат. Ал тургай кээде “кулултайчы болсоңуз эмне үчүн унчукпайсыз”-деп жөөлөгөндөрү да болот. Айтып, деп эле келе жатпаймбы дегеним… аларды алымсындыра бербегендей.
АНДА БҮГҮНКҮ СӨЗ чек арага байланыштуу болсун.
Дүйнөлүк тажрыйбада атайын кызматтын башчылары көрүнбөй, унчукпай иш жасашат. Алардын сүйлөгөн сөзүн эмес, дээрлик сүрөтүн табуу да кыйын. Биз жаңылык жасаган элбиз, бул жагынан да биздин УКМКнын төрагасы К. К. Ташиев иним атайын кызматтын ишине жаңылык киргизе турган жүрүштөрдү акыркы мезгилде көп жасап жатат.
Алсак, кечээ Президент С.Н. Жапаров Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Душанбедеги жолугушуусунда жүргөн мезгилде Тажикстан менен болгон чек арага байланыштуу чагылгандай билдирүүсүн расмий таратты. Негизинен айтылган ой, дооматтар туура. Элге дем-дух берген жагы да алгылыктуу болду. Болгону бул сөз качан, кандайча, ким тарабынан айтылса максатка ылайыктуу болор эле деген суроо келип чыкты.
Президент дипломатиялык иштер менен, анын ичинде чек ара маселеси боюнча да Тажикстанда жүргөн мезгилде УКМКнын төрагасынын оозунан жанагындай аймактык дооматтар боюнча сөздөрдүн чыгышы туура болбой калды. Ооба, андай сөздөр эл ичинде, ЖМКларда байма бай айтыла бериш жөндүү, бирок да чек арага жооптуу атайын жогорку мамлекеттик кызматтын башчысы этияттаса болмок.
“Жаман айтпай жакшы жок”-деп да айтылат элибизде. Азыр Борбордук Азияда эле эмес, дүйнөдө абал абдан кооптуу болуп турат. Маселе чечкенде “жети өлчөп бир кес”- дегендей он ойлонуп, оңунан чечкенге аракет жасайлы. Өлкө жетекчилигинде макулдашылган бирдиктүү иш аркет болуусу шарт.
Кадыр Кошалиев.