Путин менен Эрдоган акыркы жолу 2022-жылдын октябрында Астанада көрүшкөн. Бирок эки өлкөнүн президенттери телефон аркылуу байланышып турушкан.
Россия менен Түркиянын лидерлери Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган Сочиде жолугушуп, кызматташуу жана эл аралык күн тартибин талкуулашарын РИА Новости билдирди. Бул алардын дээрлик бир жылдык тыныгуудан кийинки биринчи бетме-бет жолугушуусу болмокчу.
Сүйлөшүүлөрдүн эң күтүлгөн темаларынын бири – дан келишиминин келечеги.
Акыркы жолу Путин менен Эрдоган дээрлик бир жыл мурун, 2022-жылы октябрда Астанада жолугушкан. Бирок эки өлкөнүн президенттери телефон аркылуу байланышып турушкан – акыркысы августтун башында болгон.
Сочидеги бул жолугушуунун алдында олуттуу даярдыктар көрүлгөн. Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Россияга келип, кесиптеши Сергей Лавров жана Коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушту.
Дан келишими
Бул жолугушууларда күтүлгөндөй эле дан келишиминин келечеги талкууланып, Россия ага берилген убадалар аткарылмайынча катышууну токтоткон. Москва койгон шарттар – россиялык банкты SWIFT системасына кайра кошуу жана орус жер семирткичтерин дүйнөлүк рынокко чыгаруу.
Путин Россия келишимге башкалар Россиянын кызыкчылыгына туура келген шарттарды аткаргандан кийин гана кайтып келүүгө даяр экенин бир нече жолу билдирген.
Ошол эле маалда орус бийликтери түздөн-түз кызыкдар тараптар менен эгин жеткирүү маселесин талкуулай баштаган. Путин бир катар африкалык мамлекеттердин жетекчилерине эгинди аларга бекер жеткирүүнү сунуштаган. Август айында Путин бул маселе боюнча өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр акыркы баскычта экенин айткан.
Мындан бир нече күн мурун Шойгу Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фиданга дан келишими Россиянын айынан токтотулбаганын айткан. Ал ошондой эле Москва ага кайтууга даяр экенин эске салган.
Украина маселеси
Лидерлер Украина маселесин да талкуулашы мүмкүн. Дал Түркиянын ортомчулугу менен Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча Стамбул келишими иштелип чыккан. Путин Туруктуу нейтралдаштыруу жана Украинанын коопсуздук кепилдиктери тууралуу келишимди ушул жылдын июнь айында көрсөткөн. Бирок, президенттин айтымында, Киев аны «тарыхтын таштандысына ыргытып жиберген».
Түркия башынан эле Россия менен Украинанын ортосундагы туткундарды алмашууга активдүү катышып келген. Быйыл жайында Анкара «Азов» батальонунун* согушкерлерин Россия менен Турциянын жаңжал аяктаганга чейин Түркиянын аймагында туруусу тууралуу келишимге ээ болгонуна карабастан Киевге өткөрүп берген. Путин “азовчулардын” өткөрүлүшү боюнча комментарий берип жатып, Россия Федерациясына пайдалуу болсо, “баарын жасаса болорун” айткан.
Газ хабы
Москва Россия менен Түркиянын бир катар маселелер боюнча пикир келишпестиктери бар экенин бир нече жолу билдирген, бирок эки тарапты кызыктырган темалар да бар. Мындай темалардын бири жаратылыш газы.
Путин Эрдоган менен акыркы жолугушуусунда Түркияда энергетикалык ресурстарды рынокто бөлүштүрө турган газ хабын куруу планын жарыялаган. Бул долбоорду ишке ашырууга ошол кезде шайлоого бара жаткан Эрдоган макул болгон. Бул идеяны ишке ашырууга Сочидеги жолугушууда өлкө башчылары түрткү бериши мүмкүн.