Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү, Европа Комиссиясынын вице-президенти Жозеп Боррель бүгүн, 2-августта Кыргызстанга келет.
Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Анын сапарынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен жолугушуулар пландалган.
Ошондой эле Европа Биримдигинин жогорку өкүлүн президент Садыр Жапаров кабыл алат.
Кыргызстанга келгенге чейин Боррель эки күндүк сапары менен Казакстанда болду.
Астанада Боррель Казакстандын премьер-министрдин орун басары – тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу менен жолукту. Анын жүрүшүндө эки тараптуу жана көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары талкууланды.
Тараптар Казакстан менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашып, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймактык өз ара аракеттенүүсү боюнча пикир алмашышты.
Европа Биримдиги Казакстан Республикасынын негизги соода жана инвестициялык өнөктөшү болуп саналат. Казакстандын тышкы соодасынын жана тышкы инвестициясынын 30%дан ашыгы ЕБге туура келет.
Казакстан ТИМинин маалыматы боюнча, 2023-жылы соода жүгүртүү 41,4 миллиард долларды, экспорт 31 миллиард долларды, импорт 10,4 миллиард долларды түзгөн.
2024-жылдын январь-май айларында соода жүгүртүү 20,2 млрд долларды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,1%га жогору (17,7 млрд доллар). Экспорт 18%га өсүп, 15,7 миллиард долларды түздү. Импорт 4,5%га өсүп, 4,6 млрд долларды түздү.
2005-жылдан бери Казакстандын экономикасына европалык инвестициянын көлөмү 180 миллиард долларды түзгөн.





















