Бүгүн, 26-майда, Кыргызстандагы бардык мектептерде 2024-2025-окуу жылынын аяктоосуна арналган салтанаттуу иш-чара өтүп, “Акыркы коңгуроо” кагылды. Бул күнү өлкө боюнча миңдеген бүтүрүүчүлөр мектеп менен коштошуп, жаңы баскычка кадам ташташты.
КР ИИМ министрлиги бул салтанаттар учурунда акча чогултууга, бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине отуруштарды, экскурсияларды же ар кандай көңүл ачууларды өткөрүүгө тыюу салынарын эскерткен.
Коопсуздукту камсыздоо жоопкерчилиги билим берүү мекемелеринин жетекчилерине жүктөлгөн. Күч түзүмдөрү жарандардан жол эрежесин одоно бузган окуучулар же айдоочулар болсо, кабарлап коюу үчүн ишеним телефондорун иштетти. Бул чаралар окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынган.
Быйыл Кыргызстанда 11-классты 80 миң 348 окуучу бүтүрдү, ал эми 9-классты 135 миң 681 окуучу аяктады. Бул көрсөткүчтөр өткөн жылдарга салыштырмалуу жогору болгон. Өткөн жылы 11-классты 73 миң 51, 9-классты 128 миңден ашык окуучу аяктаган.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, учурда өлкө боюнча 2 377 мектепте 1 миллион 491 миң окуучу билим алууда . Бул сан өткөн жылга салыштырмалуу 43 миңге көбөйгөн.
Ал эми ушул жылдын 2-17-июнь аралыгында 2024/25-окуу жылынын 9 жана 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрү үчүн төрт предмет боюнча мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялык экзамендери өткөрүлөт.




















