Казакстанда катталган жер титирөө Кыргызстанда 5 баллга чейин сезилди.
КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, 28-мартта саат 04:42де Казакстандын аймагында 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөөнүн очогу Талас районунун Көпүрө-Базар айылынан түндүккө карай 20 чакырым, Бишкек шаарынан түштүк-батышка карай 133 чакырым аралыкта жайгашып, Көпүрө-Базар айылында 5 балл, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарында жана Бишкек шаарында болжол менен 4 баллга чейин сезилген.
Учурда жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирүүсү боюнча, саат 07:17де Жалал-Абад облусунун аймагында да жер титирөө катталган.
КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3,5 баллга жеткен.
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Тегирмен-Суу айылынан түндүк-батышка карай 10 чакырым, Аркит айылынан түштүк-батышка карай 17 чакырым аралыкта жайгашып, Аркит, Жылгын, Тегирмен-Сай, Жол-Сай, Ит-Агар айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жердин силкинүүсүнөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

















