Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогунун экинчи жарым финалдык беттешинде Катар Ирандын курамасын 3:2 эсеби менен утуп, финалга чыкты.
Муну менен Катар Азия Кубогунун финалына экинчи жолу чыгып жатат. 2019-жылы өткөн Азия Кубогунда чемпион болгон.
Катарлыктарга жеңишти Яассем Жабер Абдулсаллам (17-мүнөттө), Акрам Афиф (43-мүнөттө) жана Абдулла Альмоэз Алинин (82-мүнөттө) голдору алып берди.
Ирандыктардан Сердар Азмун (4-мүнөттө) жана Алиреза Жаханбахш (51-мүнөттө пенальти) өзгөчөлөндү.
Эми Катар курамасы 10-февралда трофей үчүн Иордания курамасы менен беттешет.

Иордания 6-февралдагы жарым финалдык беттеште Түштүк Кореяны 2:0 эсебинде утуп, өз тарыхында биринчи жолу Азия кубогунун финалына чыккан.

















