Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында 2026-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча ведомстволор аралык Убактылуу республикалык штабдын жыйы өтүп, анда “Flyadeal” авиакомпаниясы жеңүүчү деп табылды.
Аталган башкармалыктын билдирүүсүнө караганда, компанияга кыргызстандык 6060 ажылыкка баруучуларды ташуу укугу берилген.
“2025-жылдын 8-октябрында өткөн кезектеги жыйында комиссия мүчөлөрү 2026-жылдагы ажылык сапары алкагында Сауд Араб Падышалыгына зыяратчыларды ташый турган авиакомпанияны тандоо чечимин кабыл алышты.
Конкурстун жыйынтыгында, «Flyadeal» авиакомпаниясы жеңүүчү деп табылып, аталган компанияга кыргызстандык 6060 ажылыкка баруучуларды ташуу укугу берилди”,- деп айттылат маалыматта.
Буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2026-жылдагы ажылык сапарга зыяратчыларды ташууну уюштурууга авиакомпаниялар арасында сынакты мындан 3 жума мурун жарыялаган. Документтерди кабыл алуу 6-октябрга чейин, сынак 8-октябрга белгиленген.
Эскерте кетсек, 23-сентябрдан тарта Кыргызстанда 2026-жылдагы ажылык сапарга жаңы талапкерлерден арыз кабыл алынып баштаган. 2026-жылдагы Ажылык сапарына баруучу жаңы талапкерлерден Элдик Банкына (РСК) баштапкы 2000 АКШ доллар жана кайтарымсыз 1200 сомдун негизинде төлөм кабыл алынганы айтылган.
Кошумчалай кетсек, өткөн жылы дүйнөнүн ар кайсы бурчтарынан ажылык парзын аткаруу үчүн барган зыяратчылардын саны 1 673 230ге жеткен. Анын ичинен 1 506 576 зыяратчы чет элдиктер болсо, 166 645и Сауд Арабиясынын өзүнүн жарандары.




















