Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Ирандын Жогорку лидери Али Хаменейинин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Ирандын президенти Масуд Пезешкианга көңүл айтуу катын жолдоду.
«Иран Ислам Республикасынын жогорку лидери аятолла Али Хаменейинин кайгылуу дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабар бизди терең кайгыга салды. Бул оор жоготууга байланыштуу сизге, маркумдун үй-бүлөсүнө жана достук мамиледеги Иран элине чын жүрөктөн көңүл айтып, сабырдуулук жана кайрат тилейбиз.
Аятолла Сейид Али Хаменеи көп жылдар бою Иран мамлекетинин жана коомунун турмушунда маанилүү роль ойноп, өлкөнүн саясий жана диний жашоосунда өзгөчө орунду ээлеген. Анын каза болушу Иран үчүн чоң жоготуу болуп саналат. Ушул оор күнү достук жана бир тууган Иран элине тынчтык, туруктуулук жана бакубатчылык каалайбыз», — деп айтылат каттын текстинде.

















