Азербайжандын президенти Илхам Алиев жетектеген башкаруучу “Жаңы Азербайжан” партиясы 1-сентябрдагы мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун жыйынтыгында өлкө парламентиндеги 125 орундун 69ун алды. Бул тууралуу Социологиялык изилдөөлөр борбору (CИБ) билдирди.
Заманбап изилдөөлөр борборунун директору Наталья Исаева 1-сентябрдагы маалымат жыйынында билдиргендей, 75 округдагы 150 шайлоо участогунда шайлоочулар арасында сурамжылоо жүргүзүлгөн. Экзит-поллго 136 миң 520 шайлоочу катышты.
“Жаңы Азербайжан” партиясы добуш берүү жүргүзүлгөн 75 округдун 45инде эң көп добушка ээ болуп, жалпы добуштун 60%ын түзүп, жеңишке жетишти.
Быйыл Азербайжанда парламенттик шайлоо биринчи жолу Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын байкоочуларынын катышуусуз өттү. Президент июнь айынын аягында парламентти депутаттардын өздөрүнүн өтүнүчү менен таркатып жиберди, алар ноябрда Бакуда өтүүчү БУУнун климат боюнча саммити (COP29) үчүн шайлоо алдындагы мезгил тоскоол болбошу үчүн өздөрүн таратууну чечишкен.




















