Kazinform агенттиги Австралиянын Метеорология бюросуна шилтеме берүү менен кабарлагандай, өлкөнүн айрым райондорунда акыркы ондогон жылдардагы эң чоң кар жаап, электр жарыгы өчүп, транспорт кыймылы токтоп калды.
Австралиянын Метеорология бюросунун адиси Мириам Брэдберинин айтымында, Жаңы Түштүк Уэльс штатындагы түндүк райондордо 40 см.ге жакын кар жааган — бул 1980-жылдардын ортосунан бери болгон эң жогорку көрсөткүч.
Анын айтымында, коңшу Квинсленд штатында да акыркы 10 жылда биринчи жолу кар жааган.
«Бул окуянын өзгөчөлүгү — кардын көп жаашында гана эмес, анын кеңири таралышында да. Ал түндүк платолордун чоң бөлүгүн каптады», — деди Брэдбери.
Ошондой эле ал климаттын өзгөрүшү Австралиянын аба ырайын акыркы жылдары туруксуз кылганын белгиледи.
Жолдор жабылып, үйлөр жарыксыз калды
Жаңы Түштүк Уэльс штатынын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдиргендей, кар жаашы катуу жаан жана күн күркүрөөсү менен коштолуп, негизги жолдордо 100дөн ашуун унаа тыгылып калган. Он миңдеген үйлөр жарыксыз калды.
Полиция билдиргендей, Хантер өрөөнүндө 26 жаштагы аялды суу алып кеткен, учурда издөө иштери жүрүп жатат.
Мамлекеттик кызматтардын маалыматы боюнча, дүйшөмбүдө аймактарда күчтүү сел болору күтүлүүдө.
Эске салсак, буга чейин Австралиянын чыгыш тарабында болгон суу ташкынынан 800гө жакын имарат толугу менен талкаланганы кабарланган.

















