Австралияда 19 жаштагы өспүрүм Израилдин президенти Ицхак Герцогду өлтүрөрүн айтып коркуткан деген айып тагылды. Бул окуя анын өлкөгө пландалган сапарынын алдында болгон.
ABC News Австралиянын Федералдык полициясына шилтеме берүү менен билдиргендей, жаш жигит өткөн айда социалдык тармактарга «чет мамлекеттин башчысына жана эл аралык коргоодогу адамга» багытталган коркутууларды жайгаштырган деп шектелүүдө.
Бул айып боюнча эң жогорку жаза 10 жылга чейин эркинен ажыратууну түзүшү мүмкүн. Полиция коркутуулардын так кимге багытталганын расмий атаган жок, бирок австралиялык ЖМКлар алар Израилдин президенти Ицхак Герцогго карата айтылганын жазышууда. Sydney Morning Herald басылмасы шектүү Дональд Трампты да коркуткан болушу мүмкүн экенин билдирет.
Израилдин президенти Австралияга 8-февралда беш күндүк сапар менен, өлкөнүн премьер-министри Энтони Албанезенин чакыруусу боюнча келиши күтүлүүдө. Сапардын жүрүшүндө Герцог Сиднейдеги Бонди жээгинде өткөн жылдын декабрында Ханука майрамын белгилөө маалында болгон кандуу ок атууда каза тапкан 15 адамдын жакындары жана аман калгандар менен жолугушууну пландоодо.
Герцогдун бул сапары Австралиядагы палестинаны колдогон топтордун нааразылыгын жаратты. Алар өлкөнүн ири шаарларында нааразылык акцияларын өткөрүүнү көздөшүүдө.


















