АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен болгон жаңжалдан толук масштабдагы согуштук аракеттерге өтпөстөн чыгуунун жолдорун издеп жатат, анткени узакка созулган каршылык аны чарчата баштаганы кабарланууда.
Бул тууралуу The Atlantic журналы маалымдуу булактарга шилтеме берип жазды.
«Сүйлөшүүлөр токтоп калганына карабастан, Трамп согуштук аракеттерди кайра жандандырууну каалабайт», — деп айтылат маалыматта.
Макалада белгиленгендей, ушул жумада Трамп «адамдарды өлтүргүсү келбей турганын» билдирип, келерки жумада Бээжинге боло турган сапарынын алдында аскердик активдүүлүктү кыскартууну тапшырган. Басылманын маалыматына караганда, ал Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин алдында Жакынкы Чыгыштагы дагы бир узакка созулган жаңжалга аралашкан саясатчы эмес, тынчтык орнотуучу катары көрүнүүнү көздөп жатат.

















