26-сентябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети менен Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Үй-бүлө кодексине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Бул тууралуу Парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.
Бул багытта маалымат берип, демилгечи депутат Тазабек Икрамов ушул эле күнү маалымат каражаттарына аталган мыйзамдар боюнча түшүндүрмө берди. Эл өкүлү өз сөзүндө белгилегендей, эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багуудан качкан бойго жеткен балдардын жоопкерчиликтери караштырылып жатат. Ага ылайык, эгер ата-энесине ырайымы жок балдар болсо, алар мамлекеттик кызматтарда иштей алышпайт. Ата-энесине жакшылыгы жок балдар кантип мамлекетке пайда келтире алсын? Андыктан, кадр тандоо ишинде ушул критерийлер дагы эске алынат.
Тема боюнча:
“Талкуудагы мыйзам долбоору кабыл алынса, ар бирин жаран багып өстүргөн ата-энесин кароосуз калтырбайт. Атасынын батасына ашыкпаган, энесинен таманынан бейиш издебеген балдарга болгон чаралар катаалдаштырылат. Бир ирет 50 миңден 100 миң сомго чейинки айып пул салынат. Ал каражат ата-энесине жана алар жайгашкан карылар үйүнө колдоо көрсөтүүгө жумшалат. Антпесе, азыркы учурда республика боюнча иштеп жаткан карылар үйлөрүндө 700-800 чамалуу кары кишилер баш калкалап келишет, – деди депутат.