Өрт жалмаган Оштогу “Боорукердик” карылар жана балдар үй интернатынын курулуп жаткан жаңы имараты октябрь айында бүткөрүү пландалууда.
Бул тууралуу мекеменин жеткечиси Айгүл Калматова билдирди.
Анын айтымында, имарат үч кабат болуп, демөөрчүлөрдүн жардамында салынып жатат. Бирок жетекчи демөөчүлөрдүн аты-жөнү менен ага канча акча коротулуп жатканын ачыктаган жок.
«Имараттын 90 пайызы бүтүп калды. Эшик-терезелери, полдору жана имараттын сырты калган. Ошондой эле таш тамандар басылса бүтөт,-дейт Калматова.
Мындан сырткары ал, күйүп кеткен корпустун ордуна жеңил конструкциядагы имарат курула турганын билдирди. Азыркы учурда сүрдүрүү ишетери жүрүп жатат.
Буга чейин маалымдалгандай, аталган интернатта тарбияланып жаткан 15 баланын ону алты айга фостердик үй-бүлөлөргө берилген.
“Боорукердик” үй интернатында үстүбүздөгү жылдын 2-июлунда өрт чыгып, балдар жайгашкан имараттын дээрлик 200 чарчы метр аянты күйүп кеткен. Тилсиз жоо балдар жашаган үйдөн кечки тамак убактысында же саат жетилер чамасында чыккан. Ал убакта жеткинчектердин баары сыртта болуп, өрттөн эч ким жабыркаган эмес.
Кошумчалай кетсек, аталган имарат 1950-1960-жылдары салынган. Ал 2004-жылы «Боорукердик» үй-интернаты болуп түзүлгөн. Анда кароосуз калган 30 кары, 30 баланы караганга мүмкүнчүлүк бар. Ал жерде учурда 15 бала тарбияланып жаткан.