Бүгүн, 12-декабрь Кыргызстанда Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана Улуттук адабият күнү белгиленүүдө.
Ага карата Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов баштаган бир катар адабият, илим, искусство, маданият ишмерлери, чет элден келген коноктор менен бирге Чыңгыз Айтматовдун жакындары “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде жазуучунун бейитине гүл коюп, аны эскеришти.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күнү Бишкек шаарында “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалы, жазуучунун 95 жылдыгына карата ж.б. бир катар маанилүү иш-чаралар өтүүдө.




















Discussion about this post