Казакстандын борбору Астана шаарында жол коопсуздугу дрондор жана интеллектуалдык таануу системаларынын жардамы менен көзөмөлдөнөт, деп билдирет Kazinform агенттиги Казакстандын ИИМине шилтеме жасап.
Баш калаада заманбап видеобайкоо жана каттоо технологиялары кеңири колдонулуп, алар мыйзам бузууларды тез аныктоого, алдын алууга жана токтотууга мүмкүндүк берет. Абалды көзөмөлдөө полициянын оперативдүү башкаруу борбору тарабынан күнү-түнү жүргүзүлөт.
Бул үчүн көчө видеокамералары, смарт-жетондор, автопатрулдардагы камералар жана дрондор колдонулат. «Бирдиктүү дрон инфраструктурасы» долбоору жол кыймылын абадан көзөмөлдөөнү камсыздайт. Алты заманбап дрон күн сайын транспорт агымын байкап, мыйзам бузууларды каттайт, унаалардын мамлекеттик номурларын тааныйт жана издөө базалары менен салыштырат.
Мунун аркасында полиция кургактагы патрулдар жетпеген жерлерде да оперативдүү чара көрө алат. Маселен, дрондордун жардамы менен Kia айдоочусу жабылып жаткан темир жол тосмосунан өтүп кеткен учурда аныкталган. Маалыматтар оперативдүү башкаруу борборуна жөнөтүлүп, айдоочу жоопкерчиликке тартылган. Дагы бир учурда Toyotaнын айдоочусу тосмодо турган унааларды айланып өткөндүгү үчүн жазаланган.
Мындан тышкары, айдоочулардын телефон колдонушу сыяктуу жана башка жол эрежелерин бузуу учурлары да катталат. Массалык маданий жана спорттук иш-чаралар маалында дрондор кырдаалды реалдуу убакыт режиминде башкаруу борборуна түз эфирде көрсөтүп, коомдук тартипти сактоого жардам берет.



















