Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, Ысык-Көл облусундагы бир катар социалдык-экономикалык долбоорлордун курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы жакынкы мезгилде капсула салынышы пландалып жаткан Асман шаарынын курулуш долбоору менен таанышты.
Бул эко-шаарда алдыңкы санариптик телекоммуникациялык технологиялар колдонулары айтылды.
Президент ошондой эле саатына 450 жүргүнчүнү кабыл ала турган жаңы уникалдуу аэровокзал комплексин куруу боюнча учурда чаралар көрүлүп жаткан «Ысык-Көл» (Тамчы) эл аралык аэропортун карап чыкты.
Азыр иштеп жаткан аэровокзал 2003-жылы курулуп, учурда жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшүн көтөрө албай калган.
«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун модернизациясы аяктаса, аймактардагы аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртат жана өлкөнүн облустарын бириктирген ички авиакаттамдарды калыбына келтирип, чет өлкөлөрдөн туристтердин агымын тартууга жана көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Ушул эле жерде өлкө башчыга “Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече” темир жолунун учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берилди. Жапаров иштеринин темпин басаңдатпоо үчүн бардык чараларды көрүүнү тапшырды.
Мындан башка Садыр Жапаров “Ысык-Көл” Эл аралык аэропортуна жакын жайгашкан “Тамчы” эркин экономикалык аймагы түзүлө турган жерге да барды. Келечекте бул аймакта өндүрүштүк жайлар, туристтик комплекстер жана башка объекттер жайгаштырылат, бул чет элдик коноктордун көп агымын кабыл алууга мүмкүндүк берет.
Ошону менен бирге Президент туризм кластеринин курамына кирген спорттук туризм комплексинин курулушу менен таанышты. Негизги басым спорттук жана ден соолукту чыңдоо туризмин өнүктүрүүгө жасалат. Бул комплекс Ысык-Көлдүн жээгинде кызыктуу жана сапаттуу эс алууга шарт түзөт.