Аскердик маалымдар булак Кувейт аэропортундагы жүргүнчү терминалга ирандык дрон тийген деп жарыяланган видеого байланыштуу комментарий берип, бул кадрлар душмандын атайылап уюштурган жалган инсценировкасы экенин айтты.
Бул тууралуу Tasnim News агенттиги жазды.
Анын айтымында, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Аскердик-аба күчтөрү Кувейттеги америкалык аскердик объектилерге багыттаган дрондор түн ортосунда учурулуп, бутага да түн ичинде, караңгы маалда жеткен. Ал эми аэропорттон тартылган делген сүрөттөр менен видеолордо күн ачык болуп, окуянын күндүз болгонун көрсөтүп турат.
Булак ошондой эле дрондордун негизги бутага алган объектиси менен Кувейт аэропортунун аралыгы 40 чакырымдан ашарын белгиледи. Анын айтымында, бул жагдай дагы аэропортко болгон зыяндын Ирандын дрондоруна эч кандай тиешеси жок экенин көрсөтөт.
3-июнда Кувейттин Жарандык авиация боюнча башкы башкармалыгы эл аралык аэропорттун Т1 жүргүнчүлөр терминалына дрондор жана ракеталар менен чабуул коюлганын билдирген.
Эмираттын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, соккудан бир адам каза болуп, олуттуу материалдык зыян келтирилген.
Кийинчерээк Индиянын Тышкы иштер министрлиги жабырлануучу Индиянын жараны болгонун тактаган. Кувейттин Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жүргүнчүлөр жана аэропорттун кызматкерлерин кошкондо кеминде 63 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан.
Буга чейин Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун расмий өкүлү, бригадалык генерал Хусейн Мохеби Кувейттин аэропортундагы жүргүнчүлөр терминалынын жабыркашы боюнча комментарий берип, Ирандын Аба-космостук күчтөрү бул объектти бутага албаганын билдирген.
Анын айтымында, Кувейт аэропортунун жүргүнчүлөр терминалына америкалык Patriot абадан коргонуу системасынын ракетасы тийген.



















