УКМК тарабынан ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 25-сентябрь күнү Араван райондук милициясынын участкалык инспектору, милициянын лейтенанты Ж.у.К. 12 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.
Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, кармалган шектүү Араван районундагы азык-түлүк дүкөндөрүнүн биринен 26 миң сомдук азык-түлүк уурдалды деген факты менен арыздануучусу жок ишти токтотуу үчүн 31 миң сом талап кылган.
“Буга чейин, 21-сентябрда участкалык инспектор Ж.у.К. шектүүнү Д.О. аттуу досу менен бирге кеңсесине чакырып, кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуу менен физикалык күч колдонуп, опузалап акча талап кылып, 19 миң сом алганы аныкталды”, — деп айтылат маалыматта.
Атайын кызматтын жүргүзгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, милиция кызматкери Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.