2018-2019-жылдар аралыгында президент Башар Асаддын тушунда Сириянын Борбордук банкы Москвага 250 миллион долларга жакын накталай акча ташыган бир нече учактарды жөнөткөн. Бул тууралуу Financial Times (FT) жашыруун документтерге таянып билдирди.
Басылманын маалыматына караганда, Сирия бийлиги Россия Федерациясына 100 доллар жана 500 евро номиналындагы банкноттордон турган 2 тоннага жакын накталай акча жөнөткөн. Бул каражаттар россиялык банктарда сактоого жөнөтүлгөн деп болжолдонууда.
Гезит 2019-жылдын 13-майында Сириянын Борбордук банкынын атынан жөнөтүлгөн 10 миллион долларлык 100 долларлык купюра менен учак Внуково аэропортуна конгондугун маалымдаган. Кошумчалай кетсек, болжол менен 20 миллион евро 2019-жылдын февраль айында 500 евролук купюралар менен жеткирилген.
Баяндамада ошондой эле Башар Асаддын жакындары ошол эле мезгилде Орусиядагы мүлктөрдү жашыруун сатып алганы белгиленген. 2018-жылдын мартынан 2019-жылдын сентябрына чейин жалпысынан 21 каттам аткарылган. 2012-жылдан 2018-жылга чейин Сириянын Борбордук банкы менен орусиялык банктардын ортосунда акча которуулар катталган эмес.
Асад 8-декабрда Хаят Тахрир аш-Шам (HTS) баштаган козголоңчулар бийликти басып алгандан кийин Сириядан чыгып кеткен. Учурда ал Орусияда.
Сүрөт: РИА Новости
















