Түндүк Арал калыбына келтирилүүдө. Деңизге кошумча 1,6 миллиард кубометр суу кошулат.
Көпчүлүк аймагы Казакстанга таандык болгон Арал деңизинин түндүк аймагы миллиарддаган куб метр суу жана масштабдуу жашылдандырууиштеринин жүргүзүлүшүнүн натыйжасында экосистема сактап калууда. Эл аралык кызматташтыктын жана сууну үнөмдөөчү технологиялардын аркасында аймактын экосистемасы жана балык ресурстары калыбына келтирилүүдө. Бул маалыматты zakon.kz агенттиги өлкөнүн Суу чарба жана ирригация министрлигине шилтеме берүү менен жарыялады.
2024-жылдын октябрынан 2025-жылдын январына чейин Түндүк Арал деңизине 1 миллиард кубометр суу багытталган, бул пландалгандан 100 миллион метр куб.га көп.
Маалыматка караганда, мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев 2024-жылдын июль айында Азербайжанда өткөн Түрк мамлекеттеринин бейформал саммитинде айткан сөздөрүн дагы бир жолу эскерген.
“Арал деңизинин кургап, анын аймагынын чөлгө айланышы тынчсызданууну жаратпай койбойт. Экологиялык кырсыктан жапа чеккен аймакты өздөштүрүү керек. Мындан тышкары, трансчегаралык дарыялардын суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу маанилүү. Бул үчүн суу үнөмдөөчү технологияларды кеңири колдонуу зарыл”, – деген ал.
Министрликтин маалыматы боюнча, Борбор Азия мамлекеттери менен түзүлгөн келишимдерге ылайык, 2025-жылдын март айынын аягына чейин Түндүк Арал деңизине кошумча 1,6 миллиард кубометр суу келет.
Бул деңиздеги суунун жалпы көлөмүн 2022-жылдын башындагы 18,9 миллиард куб метрге салыштырганда 2025-жылдын акырына карата 23,4 миллиард кубометрге жеткирет.
Акыркы 15 жылда тез соолуп бараткан Арал деңизин сактап калуу жаатында бир катар аракеттер көрүлүп, 100 миллиондогон доллар сарпталууда. Борбор Азиялык ар бир өлкө жылдык бюджетинин бир пайызын ушул максатка бөлүп келе жатат. Алардын арасында Дүйнөлүк жана Азиялык банктар негизги сүрөөнчүлөр болуп саналат.
Анткени Түндүк Аралдагы суунун деңгээли түшүп кеткендиктен, деңиз экиге бөлүнгөн жана “Арал кризиси” XX кылымдагы адам тарабынан жасалган дүйнөдөгү эң ири экологиялык катастрофа катары тарыхка кирген.
Эскерте кетсек, Арал деңизи буга чейин дүйнөдөгү эң ири ички деңиздердин төртүнчүсү болчу. 1960-жылдарда советтик пландоочулар ага агып кирген Амударыя менен Сырдарыяны пахта плантацияларына бөлдүрүп кетип турушкан.
Натыйжада Өзбекстан дүйнөдөгү эң ири пахта өндүрүүчүгө айланып, бирок айыл-чарбасындагы бул ийгиликтин кесепетинде деңиз соолуп, балык кармоо тармагынын ташталканы чыккан.
Мунун жыйынтыгында аймакта климат өзгөрө баштап, абада химиялык заттар көбөйгөн. Ошол эле учурда эл арасында рак, аз кандуулук, аллергия сыяктуу оорулар таркап, натыйжада калктын жашоо узактыгы 64 жылдан 51 жылга түшкөн.
Кийин коңшу мамлекеттерге сууну буруп кетүүнү азайтууга кеңеш берилген. Азыр Дүйнөлүк банк жана казак өкмөтүнүн өкүлдөрү деңизди калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк бар дешүүдө. Бирок кээ бир экссперттердин пикири боюнча, Арал толугу менен калыбына келбейт.
Ал эми Өзбекстандын аймагындагы чоңураак келген Түштүк Аралда суу мурдагыга караганда тайыздап баратканы айтылууда.



















