Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Дүйнөлүк экономикалык форумду (ДЭФ) Давосто өтө турган саммитке катышууга берилген чакырууну жокко чыгарганы үчүн катуу сынга алды.
Дүйшөмбү күнү кечинде Аракчи X социалдык тармагында бул чечим ДЭФ тарабынан «Израилдин жана анын америкалык жактоочулары менен апологеттеринин калпы жана саясий басымынын негизинде» кабыл алынганын жазды.
Дүйнөлүк экономикалык форум Аракчиге берилген чакырууну кайтарып алганын билдирип, муну Иранда жакында болгон террордук чабуулдарга каршы жүргүзүлгөн операциялар менен түшүндүрдү. Ал чабуулдардын жүрүшүндө террордук топтор коопсуздук күчтөрүнө, жарандарга жана коомдук менчик объектилерине сокку урган.
Аракчи швейцариялык тоо-лыжа курортунда өтүп жаткан саммитте шейшемби күнү сөз сүйлөшү керек эле.
Тышкы иштер министри иран өкмөтү «Моссад» — Израилдин чалгын кызматы тарабынан ачык колдоого алынган «ИГИЛ* стилиндеги куралчан террористтерден жана киши өлтүрүүлөрдөн» элди коргоого милдеттүү экенин баса белгиледи.
Аракчинин айтымында, форум бул чечимди «палестиналыктарга карата геноцид жана 71 миң күнөөсүз адамдын массалык түрдө өлтүрүлүшү Израилдин расмий өкүлдөрүнө берилген чакырууну жокко чыгарууга себеп болбогонуна карабастан» кабыл алган.
Ал эгер форум өзүн «моралдуу» уюм катары көрсөтүүнү кааласа, анда ырааттуу болушу керектигин, анткени анын «ачык-айкын кош стандарттары моралдык бузулууну жана интеллектуалдык банкроттукту гана көрсөтөрүн» айтты.
ДЭФтин чечими Иранда тышкы күчтөр тарабынан козголгон башаламандык мезгилинен кийин туруктуулук калыбына келген соң кабыл алынган.
Өткөн айдын аягында тынч нааразылык акциялары катары башталган окуялар бара-бара массалык башаламандыктарга айланып, алардын катышуучулары өлкө боюнча шаарларда тартип бузуп, коопсуздук кызматкерлерин өлтүрүп, коомдук инфраструктура объектилерине кол салышкан.
АКШ жана Израиль бул окуяларга түздөн-түз катышканын моюнга алышкан. АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Майк Помпео Twitter’де: «Көчөгө чыккан ар бир ирандыкты Жаңы жылы менен. Ошондой эле алардын жанында жүргөн ар бир “Моссад” агентин да», — деп жазган.
Фарсы тилиндеги социалдык тармактагы билдирүүдө «Моссад» башаламандыкка катышкандарды «бирге көчөгө чыгууга. Убакыт келди» деп чакырып, кызматкерлери аларды «алыстан же сөз менен гана эмес, алдыңкы сапта да колдоп жатышканын» билдирген.
АКШнын Европадагы эң жакын жана күчтүү союздаштарынын бири болгон Германия да ирандык расмий өкүлдөрдү чакырууга каршы экенин билдирген.
Жума күнү Мюнхен коопсуздук конференциясында Аракчиге берилген чакыруу да расмий түрдө жокко чыгарылганы жарыяланган.
*ИГИЛ террористтик уюм деп таанылган жана анын КРнын аймагындагы ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.



















