Eurasiatoday
Жекшемби, 29-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Ар бири өз иши үчүн мыйзам чегинде керт башы менен жооп берет. Президенттин кезектеги маеги

  • Интервью
  • 26.09.2024 10:52

Loading

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигин кызыктырган бир катар суроолорго жооп берип, анда Апас Жумагуловдун портретинин “Ынтымак Ордого” илинишинин себебин түшүндүрдү. Ошондой эле маекте мурдагы президент Аскар Акаев тууралуу дагы кеп козголду.

— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич, президенттин администрациясынын жаңы имаратында иш кызуу жүрүүдө. Ар кыл делегацияларды кабыл алып, ар кыл деңгээлдеги иш-чаралар өтүп жатканын көрүп жатабыз. Бизди кызыктарган нерсе – “Ынтымак Ордодо” экс-премьер-министр Апас Жумагуловдун портретинин илиниши. Мындай чечимге эмне түрткү болду? Эмне үчүн Апас Жумагулов? Азыркы учурга чейин андан башка деле өкмөт башчылары көп эле болду эле?

— Биринчиден, Апас Жумагулов СССРдин “закалкасын” алган саясий ишмер.

Тема боюнча

Президент С. Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

Президент С. Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

14.09.2026

Экинчиден, СССР чачырагандан кийин Кыргызстан жаңы түптөлө баштаганда Аскар Акаев жетектеген бийликте премьер-министрлик кызматын аркалап, эриш-аркак жаңы мамлекетти түзүүгө чоң салымын кошкон адам. Ал мезгилде жаңы баш мыйзам жана ага ылайык мыйзамдар кабыл алынган, өзүбүздүн сомубуз жүгүртүүгө берилген. Азыркыга чейин күчүн жоготпой турат.

СССР тарай электе Кыргыз CCРнин өзүнүн мамлекеттик тили болуш керек деп Кыргыз тил мыйзамын киргизишкен. Мамлекетибиз дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп кирген жана башка дагы бир далай жакшы иштерди жасашкан. Мунун баарын азыркы жаш муун билбей калды. Орто жаштан жогоркулардын баары билишет.

Жаңы мамлекетти түптөш оюнчук эмес. Жаңы мамлекетти түптөгөндү бул жакка коелу, бери жагы эле башымдан өткөн адам катары айтайын.

2020-жылы жаңы мамлекет түптөгөн менен эле барабар болдук. Жаңы баш мыйзам кабыл алынды, ага ылайык бардык мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди, бийлик түзүмү орноду. Мурда башаламан башкаруу болуп, анархия орноп, ким катуураак жана коозураак кыйкырса эле, ошонун сөзү өтө берген мамлекетте жашап келгенибизди баарыңар эле билесиңер да. Мага эң оор болгону ушул өзгөрүүлөргө жана жаңыланууларга жардам бергендин ордуна ар кайсы топтордун, алысты көрө албаган ичи бузук, кооз сүйлөгөн саясатчылардын, капталдан чыга калып жеке кызыкчылыктарын түрткүлөгөн саясий топтордун бут тоскону болду. 30 жылдан бери жеке кызыкчылыктары менен жашап келип көнүп алышыптыр да.

Бир жарым жыл дегенде араң реформаны бүттүк. Бир жарым жыл убактыбызды ушундай ички тоскоолдуктарга кетирип койдук. Ошондуктан жаңы мамлекет түптөгөндү бул жакка коелу, бар мамлекеттин башкаруу системасын өзгөртүүгө ушунчалык тоскоолдуктар болду. Айрым саясатчылар мурдагы “улак тартмай” системаны калтырганга аябай жан үрөштү. Бирок көпчүлүк элдин колдоосу менен реформаны ишке ашырып кеттик.

Үчүнчүдөн, Апас Жумагулов таза иштеген премьер-министр болгон. Бүгүн 90 жашка чыгып олтурат. Кыргыз эл баатыры. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алынды. Ал эми башка премьер-министрлер жөнүндө жооп бербей эле коеюнчу. Капа болбойсуз. Аларды да капа кылып койбоюн.

— Апас Жумагулов сиз айткандай Аскар Акаевге арка-жөлөк болуп эриш-аркак жакшы иштешсе, демек эми “Ынтымак Ордонун” ичинде мурдагы президент Аскар Акаевдин дагы портрети илинеби? Анткени Апас Жумагулов Аскар Акаевдин тушунда анын өкмөтүн жетектеди да?

— Жок. Илинбейт. Анткени Аскар Акаевичтики башкача жагдай. Мен Аскар Акаев татыктуу эмес деген пикирде айткан жокмун. Ал кишинин да жаңы Кыргызстанды түптөөдө салымы тоодой. Мен жогоруда айткан ийгиликтердин башында ошол киши турган. Бирок жашоодо табият ушундай экен, 99 жолу жакшы иштерди жасап, 1 жолу жаңылсаң кечирилбейт. Аскар Акаев кайсы жерден жаңылды. Бул менин берген баам эмес, көпчүлүк элдин берген баасы.

Биринчиден, приватташтыруу маселесин көзөмөлдөй албай калды. Колунда бийлиги бар ач көз мамлекеттик кызматкерлер элдин мүлкүн талап-тоноп кетишти. Иштеп турган завод, фабрикаларды талкалап, станокторун чет өлкөлөргө сатышты.

Экинчиден, айыл чарбасы талкаланды. Эми бул айыл чарба маселесинде Акаевдин күнөөсү жок. Анткени Акаев айыл чарбачы эмес, окумуштуу адам болгон. Айыл чарбасын талкалаган компетентсиз, демагог министрди күнөөлөсөк болот. Ал жерге ыраматылык Жумгалбек Аманбаев сыяктуу күчтүү министрди коюш керек эле. Аскар Акаевич кадр тандоо маселесинде да жаңылды.

Үчүнчүдөн, эң негизги катасы, эл кубалаганга чейин жеткирбеш керек болчу. 10 жыл башкаргандан кийин кетиш керек эле. Адам баласынын жашоо табиятында бир көрүнүш бар. Бир эле адамдын жүзүн кечке көрө берсе адамдар андан тажайт. Мейли ал алтын адам болсун, бирок бир жүздү кечке көрө берип адамдар тажап кетет. Ошол үчүн дүйнө жүзүндө президенттердин мөөнөтүн 7 жылга бир жолу же 4-5 жылдан эки жолу шайланат деген эреже бар. Бул эреже деле жөндөн жөн кирди дейсиңерби. Эзелтеден бери келе жаткан дүйнөлүк тажрыйбадан улам бир адам көпкө чейин президент болуп олтуруп албасын деп кирген норма да.

Биз адамдар пендечилик кылат турбайбызбы. Же бийлик ушунчалык эле таттуубу билбейм. Ошондуктан Аскар Акаев эл кубалаганга жеткирбей кетип калганда, эң биринчи Аскар Акаевдин портрети тунгуч жана экс-президент катары бардык жактарда илинип турмак. Мына кечээ Жогорку Кеңеш да экс-президент макамын берүүдөн баш тартып коюптур. Ошондуктан баарыбыз өткөндөн сабак алып, азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек.

Мен дагы бир жолу кайталайм. 99 жолу жакшы иштерди жасап, 1 жолу жаңылсаң эл кечирбейт. Адам баласынын жашоосунда табият ушундай экен. Жакшы иштериң тез эле унутулуп калат. Жаман иштериң эч качан унутулбайт. Ага капа болуштун кереги жок. Ошондуктан биз катачылык кетирбегенге аракет кылалы. Тез-тез жаңыланууларды, тез-тез өзгөрүүлөрдү, өнүгүүлөрдү жасап туралы. Мына ошондо эл баалайт, эл сыйлайт.

— Сиз азыр бийлик башында олтурасыз да. Бийликтин таттуулугу сезилбей элеби сизге?

Чынын айтсам таттуулугун сезген деле жокмун. Себеби мамлекет менен жалпы элдин тагдыры сенин мойнуңда болгондо сен деле сезмек эмессиң. Анткени күнү-түнү дебей ойлонуп чыгасың. Уйку жок.

Ар бир ички жана тышкы саясатта жүрүп жаткан иштерге 24 саат бою сарсанаа болосуң. Эгер мурдагыдай жоопкерчилиги жок системада башчы болуп олтурсам анда балким бийликтин таттуулугу сезилмек. Себеби эч нерсеге жооп бербейсиң. Жыргап жүрө бересиң. Жакшы иштер жасалса президент өзүнө ыйгарып, жаман иштер болсо өкмөт менен парламентке түртө салчу. Президент көшөгөнүн артында олтурчу. Ошентип көшөгө артында олтуруп алып 30 жылда 35 өкмөт башчы алмаштырышпадыбы. Мамлекет алдыга жылбай бир орунда токтоп тургандын себеби да ушунда болду.

Азыр президентти мыйзамдар менен жооп бересиң деп көшөгөнүн артынан элдин алдына чыгарып койдук. Учурдагы система таптакыр башка болду. Мейли президент канча премьер-министр алмаштырбасын жалпы элдин, мамлекеттин тагдыры менен жоопкерчилиги баары бир президенттин мойнунда.

Менден кийин ким президент болуп келбесин мамлекеттин жакшысына да, жаманына да өз башы менен эл алдында жооп берет. Көп суур ийин казбайт дегендей жоопкерчилик бир кишинин мойнунда болбосо болбойт экен. Анархия болуп, мамлекетибиз чачырап кете жаздады.

Албетте, өкмөт менен парламенттин, сот менен прокуратуранын да өздөрүнө тиешелүү жоопкерчиликтери бар. Ар бири өз иштери үчүн мыйзам чегинде керт баштары менен жооп берет.

Эми саясатты артка таштап, экономиканы алдыга жылдыруу менен элдин жашоосун жакшыртууга жан үрөйлү. 30 жыл саясатташып жүрүп эч бир жакшылык тапкан жокпуз. Бир эле мисал келтирсем, кошуна Кытай мамлекетинен технология жагынан алганда 100 жылга артта калыптырбыз. Эми ошону кыска убакытта, 20-30 жылда кубалап жетели.

Маектешкен Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: маекС. Жапаров
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Иордания Борбордук Азияда жаңы геосаясий оюн баштап жатабы: падышанын сапарынын артында АКШ менен Израилдин кандай кызыкчылыктары турат?

Иордания Борбордук Азияда жаңы геосаясий оюн баштап жатабы: падышанын сапарынын артында АКШ менен Израилдин кандай кызыкчылыктары турат?

14.11.2026
Президент С. Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

Президент С. Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

14.09.2026
С. Жапаров Ш. Мирзиёевди туулган күнү менен  куттуктады

С. Жапаров Ш. Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

24.07.2026
 С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер ведомстволорунун башчылары менен жолугушту

 С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер ведомстволорунун башчылары менен жолугушту

24.07.2026
К. Ташиев президенттик шайлоого катышпайт. Кимди колдойт?

К. Ташиев президенттик шайлоого катышпайт. Кимди колдойт?

16.07.2026
С. Жапаров Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолунда таш кулаган учур боюнча билдирүү жасады

С. Жапаров Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолунда таш кулаган учур боюнча билдирүү жасады

12.06.2026
С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлерин кабыл алды

С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлерин кабыл алды

05.06.2026
Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Президенттин билдирүүсү

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Президенттин билдирүүсү

04.06.2026
 С. Жапаров ЕАЭБ жыйынында ЖИнин мамлекетти башкаруудагы орду тууралуу айтты

 С. Жапаров ЕАЭБ жыйынында ЖИнин мамлекетти башкаруудагы орду тууралуу айтты

29.05.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
224 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.