АКШнын сенатору өлкө президенти Дональд Трамп менен анын администрациядагы жана андан тышкаркы союздаштары Иранга каршы жүргүзүлүп жаткан аскердик аракеттерден пайда көрүп жатканын билдирди.
Жекшемби күнү Джорджия штатында өткөн Демократиялык партиянын жылдык гала-кечесинде ушул штаттан шайланган сенатор Джон Оссофф 28-февралда башталган Иранга каршы АКШнын «негизсиз агрессиясынын» алдында да, анын жүрүшүндө да Трамп жана анын жакындары миллиарддаган киреше таба алышканын айтты.
Оссофф согуш АКШны «улуттук күчүнөн жана байлыгынан ажыратып», ал эми карапайым үй-бүлөлөр «барган сайын көбүрөөк чыгым келтирип жаткандыгына» өкүнүчүн билдирди.
«Бирок ишенип коюңуздар, Мар-а-Лагодогу мафия пайда табуунун жолдорун табууда, анткени албетте, ошондой болот», — деди ал. Бул сөзү менен ал Флорида штатындагы Палм-Бич шаарында жайгашкан Трампка таандык курортту айтып жаткан.
Оссофф Financial Times басылмасына таянып, АКШнын коргоо министри Пит Хегсет менен байланышкан брокер Иранга каршы чабуул баштала электе инсайдердик маалыматты пайдаланып, коргонуу тармагындагы фонддун акцияларын сатып алууга аракет кылганын белгиледи.
Ал ошондой эле «Трамптын уулдары Эрик жана Дон-кичүүгө тиешелүү компания Перс булуңундагы монархияларга өзүнүн кармоочу-дрондорун сунуштап жатат» деп кошумчалады.
«Трамптын күйөө баласы жана кеңешчиси Жаред Кушнер буга чейин Сауд Арабиясынан 2 миллиард доллар алган. Азыр болсо ал аймактагы ханзадалардан жана шейхтерден дагы миллиарддаган каражат сурап жатат, Иран боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатып», — деди сенатор.
Ошондой эле ал мунай рыногундагы инсайдердик соода тууралуу сөз кылды: «Муну көрдүңүздөрбү? Жүздөгөн миллиондогон доллар мунай фьючерстеринде айланды. Бул президент Truth Social тармагында билдирүү жасап, мунайдын баасы 13%га өзгөрөрдөн бир нече мүнөт мурда болгон».
«Бул операцияларды ким жасаганын билбейм. Бирок Баалуу кагаздар жана биржалар комиссиясы (SEC) муну сөзсүз иликтеши керек», — деп кошумчалады ал.
Согуш учурунда Трамп Truth Social социалдык тармагында Иранга карата мүмкүн болгон чабуулдар тууралуу байма-бай билдирүүлөрдү жарыялап турган. Айрым маалыматтарга ылайык, трейдерлер бул маалыматтарды пайдаланып, рыноктогу өзгөрүүлөрдөн пайда көрүшкөн.
«Эгер алар муну кылбаса, анда силер Конгрессте жаңы көпчүлүктү шайлап, бизге тергөө жүргүзүүгө укук берсеңер, биз өзүбүз жасайбыз. Биз сөзсүз жасайбыз», — деп жыйынтыктады Оссофф.



















