Америкалык атомдук авиаташуучу USS Harry Truman Жер Орто деңизинде соода кемеси Besiktas-M менен кагышты, деп билдирди АКШнын Алтынчы флотунун басма сөз кызматы.
Окуя 13-февралга караган түнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:46 чамасында Египеттин Порт-Саид портунун жанында болду. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жүк ташыган кеме Панама өлкөсүнө таандык болгон жана анда кандай жүк бар экендиги да белгисиз.
Флоттун маалыматына ылайык, авиаташуучу кеменин корпусуна суу агып кириши мүмкүн болгон жаракалар тууралуу маалымат алынган жок. Жабыркагандар тууралуу да маалымат жок. Соода кемесинин абалы жана мүмкүн болгон зыяндар тактала элек.
Кагылыштын шарттарын иликтөө улантылууда.















