Америка Кошмо Штаттарындагы университеттер чет элдик студенттердин санынын кыскаруусунан улам 1 миллиард долларга жакын кирешесинен айрылышы мүмкүн. Буга АКШ президенти Дональд Трамптын саясаты себеп болушу ыктымал, деп жазат Financial Times.
Студенттерге болгон текшерүүлөрдүн күчөшү, визаларды берүүдөгү кечигүүлөр, иммигранттарды чек араларда жана кампустарда кармоо — мунун баары чет элдик студенттер менен ЖОЖдордун администрацияларын тынчсыздандырууда. Акыркы жылдары университеттер чет элдик студенттерге ишенип, бош орундарды толтуруп жана киреше табууга үйрөнүп калышкан.
NAFSA (Чет элдик студенттер иштери боюнча улуттук ассоциация) жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, АКШ университеттеринин төрттөн үчү быйыл чет элдик студенттердин саны азаят деп күтүүдө. Алардын көпчүлүгү жоготууну 10% жана андан жогору деп баалап жатышат.
Shorelight Analytics агенттигинин баамында, бул чет элдик студенттерден алынган 8,6 миллиард доллар кирешеден дээрлик 900 миллион доллар жоготуу дегенди билдирет.
Чет элдик студенттер АКШ өкмөтүнүн субсидиясына же каржылык жардамына ээ боло алышпайт, ошондуктан көбүнчө толук (номиналдуу) төлөм менен окушат. Бул алардын АКШдагы көптөгөн университеттер үчүн маанилүүлүгүн арттырат — өзгөчө абитуриенттердин жалпы саны кыскарып, изилдөө программаларына федералдык каржылоолор азайып жаткан учурда.
Трамптын администрациясы чет өлкөлүк студенттерге жана аларды кабыл алган мекемелерге коюлган талаптарды олуттуу түрдө катуулаткан. Мисалы, эми АКШ бийлиги абитуриенттердин социалдык тармактардагы активдүүлүгүн текшерүүнү жана чет элдик студенттердин үлүшү 15%дан ашпаган ЖОЖдорго гана кабыл алууну сунуштоодо.
Эл аралык билим берүү институту (IIE) июнь айында жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, АКШ университеттеринин 40%ы бакалавриат программасына келген чет элдик студенттердин саны кыскарат деп божомолдошууда. Ал эми жарымы магистратура жана аспирантурада окуган чет элдик студенттердин да азайышын күтүп жатат.
Кээ бир респонденттер визаларды алууда чоң тоскоолдуктар бар экенин белгилешкен. Мисалы, Кытай, Индия жана Нигерия сыяктуу өлкөлөрдүн абитуриенттери виза берүүдө кечигүүлөргө жана тездетилген кароодон баш тартууларга дуушар болушууда.
Университеттер азыр абитуриенттерге кечиктирилген кабыл алуу же виза күтүп жаткан убакта аралыктан окуу мүмкүнчүлүгүн берүү сыяктуу альтернативаларды карап жатышат.
Ошол эле учурда, акыркы маалыматтарга ылайык, чет элдик абитуриенттер АКШнын ордуна Европадагы, Канададагы, Австралиядагы жана Азиядагы өлкөлөрдүн университеттерине документ тапшыра башташты.















