Баалуу металлдын баасы шаршемби күнкү соодада жаңы рекорд коюп, унциясы үчүн 2800 доллардан ашты, деп билдирет Mining.com сайты.
Эксперттердин айтымында, алтындын баасынын өсүшү АКШдагы президенттик шайлоого байланыштуу белгисиздиктин шартында эң ишенимдүү активдерге суроо-талаптын жалпы өсүшү менен байланыштуу.
Дональд Трамптын АКШ президенттигине кайтып келүү ыктымалынын өсүшү коопсуз активдерге болгон суроо-талапты колдоп жатат, анткени анын шайлоодогу жеңиши Вашингтон саясатынын өзгөрүшүнө, геосаясий чыңалуунун күчөшүнө жана өлкөнүн карыз жүгүн жогорулатууга алып келиши мүмкүн, деп айтылат CBAнын баяндамасында.
Банктын эксперттери алтындын орточо баасы 2024-жылдын төртүнчү чейрегинде унциясына 2800 долларды, ал эми 2025-жылдын төртүнчү чейрегинде 3000 долларды түзөөрүн күтүшүүдө.
Буга чейин биз 2025-жылы алтындын унциясы 2800-3200 доллар чегинде соода кылары тууралуу АКШнын Экономикалык болжолдоо агенттигинин маалыматтарына шилтеме жасаганбыз.


















