Кыргызстандын Альпинизм жана альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов Гиннесстин рекорддор китебине кирди.
Бул тууралуу китептин расмий сайтында жарыяланганын, учурда дүйнөнүн эң бийик чокусу Эверестке чыгып бараткан Илим Карыпбеков жарыялады.
Гиннестин рекорддор китебинин сайтындагы маалыматтарга караганда, Кубатов Непалдагы 8163 метр бийиктиктеги Манаслу чокусуна кычкылтексиз чыккан тарыхтагы эң жашы улуу адам катары рекорд койгону катталганы айтылат.
“Мындай ийгиликке ал 2022-жылдын 1-октябрда (50 жаш 273 күн курагында) жетишти. Бул рекордду альпинизм боюнча адис Эберхард Юргальски тастыктайт”,-деп айтылат маалыматта.
Эдуард Кубатов дүйнөнүн кыл чокусу аталган Эверестке 2021-жылы 23-майда чыккан.
Учурда кыргызстандык 10 чакты альпинист “Кыргыз изи” долбоорунун алкагында Непалдагы Эверест, Макалу, Кхумбу сыяктуу бир канча кыл чокуларга чыгуу үчүн эки багыт боюнча аракет көрүшүүдө. Алардын арасында ЖК депутаты Эмил Токтошев да бар.
Кыргыз альпинисттердин айрымдары пландалган максатына жетип, учурда артка кайтышты. Бул топту Эдуард Кубатов жетектеп келет.




















