Eurasiatoday
Дүйшөмбү, 16-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Шарты катаал делген Алайкуу боюнча Курултайда көтөрүлгөн көйгөйлөргө жооптор келе баштады

  • Интервью, Коом, Кыргызстан
  • 06.02.2024 17:45

Loading

Алайкуу – Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы алыскы аймак. Бул жакта чечилбеген көйгөйлөр фундаменталдык маселеге айланган. Алардын эң негизгиси – жол. Бирок азыр жеңилирээк дегени да чечилбей турат. Мисалы, жөнөкөй эле, банкоматтын жоктугу элдин негизги көйгөйүнө айланган. Тургундар мындан сырткары, өрт коопсуздугун алдын алууга же өрт чыкса өчүрүп калууга атайын кызматтын болушун, айрым айылдарда мектеп менен бала бакчалардын салынышын, суу башында туруп, таза суу көйгөйүнүн толук чечилишин каалашат.

Ушуга окшогон көптөгөн көйгөйлөрдү Экинчи Элдик курултайга Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл өкмөтүнөн делегат болуп шайланып барган Мамазаир Абакиров айтып чыккан. Ал тиешелүү министрликтерге жолдонгон каттарына жооптор келе баштаганын билдирди. Кандай жооптор экенин чогуу тыңдайлы.

– Саламатсызбы, Мамазаир мырза? Шарты катаал делген Кара-Кулжа районунун Алайкуу аймагынан Экинчи Элдик курултайга катышып, бир канча көйгөйлөрдү көтөргөнүңүз белгилүү. Бирок аларды чечилиши кандай болуп атат? Тиешелүү жактардан жооптор келе баштаптыр деп угуп атабыз. Көтөрүлгөн көйгөйлөргө реакциялар кандай болуп жатат? Ушул суроодон баштайлы…

Тема боюнча

Казакстандын БШКсы Курултайга болгон шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялады

Казакстандын БШКсы Курултайга болгон шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялады

24.08.2026

– Саламатчылык. Мен Экчинчи Элдик курултайга Алайкуунун көйгөйлүү жана чечилиши зарыл делген 10 маселесин алып барганмын. Алардын ичинде жол, энергетика, аэропорт, ДЭУ маселелерин көтөрүп чыккамын. Азыр айрымдарына жооптор келе баштады. Мисалы, КР Энергетика министрлигинен келген катты айтып берейин. Ылай-Талаа айылында Дүйнөлүк банктын эсебинен кичи ГЭС куруу пландалууда деп жооп келди.

Экинчиси КР Билим берүү министрлигинине да кат таштадым эле, биздин айыл өкмөттөгү Күйө-Таш айылынын мектеби эскилиги жеткенине байлашытуу, жаңы мектеп салып берүү боюнча кайрылгам. Ушуга кошо эле, Терек айылында бала бакча салуу боюнча айткам. Буга: “КР Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жана КР Финансы министрлигинин кароосуна жөнөтүлдү, тизмеге киргизилди”,-деп жооп келди. Башкалардан жооп келе элек.

– Демек, мектеп менен бала бакчаны куруу иши тизмеге кирип атабы?

–  Ооба, ошолор тизмеге кирди деп жооп келди. Эми мен ойлоп калдым, буйруса, 2024-жылдын бюджетине кирип кала турган болсо, мектеп менен бала бакча салынып калабы деген ниет да. Анан биздин райондон Экинчи Элдик курултайга делегат болуп шайлангандар район борборунда топтолуп, кимибизге кандай жооп келгенин талкуулайлы деп атабыз.

– Эми Алайкуу жолу тууралуу сүйлөшсөк. Бул жол чындап эле оор, канча жылдан бери оңдолуш керек деген маселелер көтөрүлөт. Буга бийлик тараптан кандай жооптор келип атат? Эмне кабар бар бул боюнча?

– Ооба, бул боюнча да айтканбыз. Жол министри Тилек Текебаевге айтканбыз. Былтыры Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кара-Кулжага келгенде да маселе көтөргөнбүз. Андан мурда, Биринчи Элдик курултайда президент өзү да айтып, Алайкуу жолун биринчи орунга коюп беребиз деди эле. Бирок эл канааттангандай каралган жок. 2023-жылы бир топ жерине асфальт басылды, бирок биз андан да көбүрөөктү каалайбыз. Азыр биз бул жолду кеңейтип, этап-этабы менен оңдоо үчүн мамлекеттик бюджеттен карап бергиле деп атабыз. Алайкуу жолунун көп жери дайыма эле үстүртөдөн жасалган оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп калып келет. Негизи биздин жолго эң кубаттуу техника керек. Кыштын күнү кар көчкү болгондо ошолор дайым даяр туруш керек болуп атпайбы. Ансыз биздин жол оңолбойт.

Азыр бийликтегилер пландап, жылына 5 км жолго асфальт басылып турат деп атышыптыр. Курултайга барганда айттык: “Андай болсо, 50 км жолго 10 жыл убакыт кетиребизби?”,-деп. А биздики 130 км болуп атпайбы. Калганы канча жылда бүтөт анда? Биз айтып атабыз, сел түшө турган кокту-колоттордогу жолдорго эң чоң шакектүү трубаларды коюп, түздүктөрдүн баарын асфальттатып бергиле деп. Андан сырткары, биздин Тамчы деген эң опурталдуу жерибиз бар. Ошол жерге галерея куруп бергиле деп атабыз. Тилек Текебаев “ооба” деген, бирок азыркыга чейин оңчулуктуу жооп келе элек.

– Эми Алайкууда мындан сырткары, чукул арада чечилиши керек деген дагы кандай көйгөйлөр бар?

– Чечилиш керек деген маселелердин бири – бул Алайкууга өрт коопсуздугун алдын алган, өрт чыкса учурунда өчүрүп калган атайын кызмат керек дегенбиз. Андан сырткары, эң акыркы Көк-Арт айылына Жогорку чыңалуудагы электр энергиясын тартып барыш керек. Анткени кичи көмөкчү чордон Терек айылында турат дагы, кийинки айылдардан тартып, акыркы айылга чейин электр тогунун күчү талаптагыдай жетпей жатат. Анан кичи ГЭСти ылдайкы өрөөнгө эле эмес, жогорку, биз тарапка да салыш керек. Аны мисалы, Көңдүккө салса болот, союз мезгилинде Ак-Талаага пландалган эле, аны ишке ашырса болот. Ошентип чакан ГЭСтерди Тар дарыясынын көп эле жерине курса болот.

– Банкомат тууралуу да көйгөй бар экен го. Бул чечиле турган эле маселе беле?

– Ооба. Алайкууда банкомат жок. Бул чечиле турган эле маселе болчу. Биздин аймак тоолуу болгондуктан, райондун борбору Кара-Кулжага баруу үчүн 130 км жол жүрүшүң керек. Эми ар айылдын аралыгы ар кандай деңизчи, бирок эң алысы ошондой болуп калат. Ага келе алганы бар, келе албаганы бар. Майыптары бар, пенсионери бар дегендей. Эгер келишсе, бери дегенде эки миң сом жол кире коротуп кеткенден сырткары, бир күндүк убактысын коротот.

Анан эми, элге шарт түзүү деген болуш керек да, мүмкүн болсо банкоматты ар бир айылга коюп берсе эмнеге болбосун? Ошондо адамдар убара болбой, өз айылдарынан эле айлыктарын, пенсия, пособияларын алып алышат эле да. Азыр эмне кылып атышат? Көпчүлүгү картасын шаардагыларга берип жиберишет. Жакындары акчасын алып, каттагандардан кайра берип жиберишет. Көйгөй да ушунун баары.

– Кошумчалай турган эмнелер бар дагы?

– Мен Алайкууга аэропортту кайра жандандыруу керектигин айттым эле. Илгери союз мезгилинде самолет каттап, күнүнө 2, кээде 3 рейс болот эле. Аэропорттун орду турат. Ошону реконструкциялап, кайра иштетсе болот эле дейбиз. Азыр жер-жерлерде аэропорттор оңдолуп атат го. Бизде да ушул иштеп калганда жакшы болмок, анткени катаал шарттарда шаарга барууга зарыл болгон учурларда оорулуулар, төрөй турган аялдарга жакшы эле да.

Анан бизде таза суу маселеси да толук чечилбей турат. Мисалы, Кайың-Талаа айылында түтүктөрү коюлган менен сантехникалык жактан туура эмес болуп калганбы, айтор, суу чыкпай турат. Ал эми Терек айылында долбоорго кирбей калган. Ал эми отчетто Кызыл-Жар айыл өкмөтү таза суу менен камсыз болду деп берилип атат. Теректиктер сууну 1 км жерден ташып ичип келишет. Мына, көйгөйлөрдүн баары ушулар.

– Рахмат маегиңизге. Алайкуунун көйгөйлөрү эртерээк чечилишине тилектешбиз!

Маектешкен: А.Белеков.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АлайкууКара-КулжакөйгөйКурултайМамазаир АбакировОш
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Ош улуттук драма театры ТҮРКСОЙ эл аралык фестивалдын гран-при байгесине ээ болду

Ош улуттук драма театры ТҮРКСОЙ эл аралык фестивалдын гран-при байгесине ээ болду

23.10.2026
Казакстандын БШКсы Курултайга болгон шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялады

Казакстандын БШКсы Курултайга болгон шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялады

24.08.2026
Казакстанда Курултайга шайлоонун алдындагы тынчтык күнү башталды

Казакстанда Курултайга шайлоонун алдындагы тынчтык күнү башталды

22.08.2026
Ошто дүйнөгө таанымал нашид аткаруучу Бараа Масуддун катышуусунда «Курман айт — 2026» майрамдык иш-чарасы өтөт

Ошто дүйнөгө таанымал нашид аткаруучу Бараа Масуддун катышуусунда «Курман айт — 2026» майрамдык иш-чарасы өтөт

19.05.2026
Экология жана энергия: Ошто 95 млн долларлык таштанды иштетүүчү заводдун курулушу башталууда

Экология жана энергия: Ошто 95 млн долларлык таштанды иштетүүчү заводдун курулушу башталууда

05.05.2026
Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

21.03.2026
Ош шаарында мэр алмашты: Токторбаев кетип, ордуна Акаев келди

Ош шаарында мэр алмашты: Токторбаев кетип, ордуна Акаев келди

19.02.2026
Мектеп жана ипотека: Элдик курултайда эң көп көтөрүлгөн маселелерге президент кенен жооп берди

Мектеп жана ипотека: Элдик курултайда эң көп көтөрүлгөн маселелерге президент кенен жооп берди

06.01.2026
Ош шаарында Алишер Навоинин эстелиги тургузулду

Ош шаарында Алишер Навоинин эстелиги тургузулду

12.12.2025

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
200 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.